Пример HTML-страницы

Москва районунда жыл мыктылары аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда жылдын мыктылары аныкталып, 28 кызматкерге сыйлык тапшырылды.

Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча жыйын өттү. Анда райондун акими Ниязбек Козуев 2023- жылда аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Жыл жыйынтыгында жетишкен ийгиликтери үчүн Экономика жана коммерция министрлигинин ардак грамотасы райондун акиминин биринчи орун басары Улан Садалиевге тапшырылды. Ошондой эле Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түндүк аймактар боюнча башкармалыгынын «Муниципалдык кызматтын отличниги» төш белгиси 4 кызматкер, ардак грамотасы менен 3 кызматкер, облустун ардак грамотасы 5 кызматкер, облустун ыраазычылык каты менен 6 кызматкер, райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы 8 кызматкер сыйланды.

Мындан сырткары Беловодск айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Дубанаевге «Кыргыз Республикасынын ардактуу инсаны» медалы тагылып, Ереван шаарындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байге уткан Петровка орто мектебинин окуучусу Дилёрбек Сабиров «Жылдын мыкты спортчусу» наамын алды.

Номинациялар:

— «Мыкты айыл башчылары» — Александровка айыл аймагындагы Крупская айылынын башчысы Улан Уметбаев жана Предтеченка айыл аймагындагы Аң-Арык айылынын башчысы Арзымат Иманбеков;

— «Мыкты жетекчи» — райондук аскер комиссариатынын жетекчиси Таалайбек Рыскулов;

— «Мыкты мамлекеттик кызматкер» — Социалдык фонддун Москва райондук башкармалыгынын жетекчиси Абдигапар Сейитказиев;

— «Мыкты айыл өкмөт кызматкери» — Петровка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Замирахан Валиева;

— «Мыкты эмгек жамааты» — райондук суу чарба башкармалыгы;

— «Мыкты ишкер» — «Агро Кейджи» ЖЧКнын мүдүрү Бакыт Мамыров жана «Ярмарка» базарынын башкы мүдүрү Сабир Ибрагимов;

— «Мыкты дыйкан» — «Ороз» үрөнчүлүк чарбасынын мүдүрү Болот Жузупов;

— «Мыкты дыйкан чарбасы» — «Жылдыз» дыйкан чарбасынын мүдүрү Мухтар Успеков;

— «Мыкты меценат» — «Таштан» дыйкан фермердик чарбасы;

— «Мыкты подрядчы» — «Ак- Суу курулуш сервис» ЖЧК;

— «Активдүү демөөрчү» — «Щинщу» коомдук бирикмесинин төрайымы Разия Ливаза.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE