Пример HTML-страницы

Москва районунда 3 эне сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-майда Чүй облусунун Москва районунда энелер күнү белгиленип, 3 апага ардак грамота тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанат райондогу ресторандардын биринде өттү. Ага 100дөн ашык энелер, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, райондун акими Ниязбек Козуев жана башкалар катышты.

«Кечээ, 15-май эс алуу күнү болгондон улам майрамдык салтанатты бүгүн өткөрүү мерчемделген. Негизи энелер бар жерде күндө майрам. «Апа» деген сөз өтө ыйык. Мен да 2,5 жыл илгери сүйүктүү апамдан айрылып, күнү бүгүн да жаркын элеси көз алдымда, жүрөгүмдө сакталуу. Бар болгула, энелер. Сиздер үчүн биз көп иштерди аткарууга милдеттүүбүз», — деди райондун акими.

Ошондой эле, ал 3 энеге райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасын тапшырды.

Ал эми Мураке айылынын тургуну, 75 жаштагы Баатыр эне Селки Орозакунова толкундануу менен энелерди куттуктады. Ал эми, Беловодск айыл аймагындагы В.Степаненко атындагы орто мектебинин мугалими, акын Минера Шамурзаева өз мектебинде болуп өткөн салтанатта А.Осмонов атындагы сыйлыкты алып, «Аруу дүйнө» адабий клубунун диплому менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE