Пример HTML-страницы

Миллионер Малабаев койлорун ваннада жуунтат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЖай мезгилинде койлорду котур, жара, бүргө, кенеден сактоо максатында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беш-Терек айылынын 54 жаштагы тургуну, фермер Рахат Малабаев козу-кочкорлорду үй шартында жуунтуп, дарылап келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Райондун борборунан 40 чакырым аралыкта жайгашкан Беш-Терек айылында чабандын үй-бүлөсүндө жетилдим. Дегеним, фермерлик ишти жаштайымдан өздөштүрүп, бир топ тажрыйба топтодум. Учурда иним экөөбүз эт багытында 200 баштан ашуун жөнөкөй эле кыргыз койлорун багып жатабыз. Болжолдуу эсепте жылына 350 миң сомдон ашуун таза киреше табабыз. Ал каражат күндөлүк жашообузга жумшалып, ашканына «Арашан» тукумундагы кочкорлорду да сатып алуудабыз. Мындан сырткары эсептелүү болсо да, уй, жылкы багабыз.

Эми учурда жай мезгили. Жаз алды менен туулган 3-4 айлык козу-кочкорлорду үй шартында жуунтуп, дарылып жатам. Алгач койдун жүнүн кыркып алуу зарыл. Андан соң,100 литрлик темир идишке жылуу суу куюлат. Ага 100 грамм котур дарысы, 0,5 грамм креолин кошулат. Сууну аралыштырган соң, козу-кочкорлорду салып, жуунтуп, темир торго салып, териден суусун сыгып агызабыз. Арадан 5-10 мүнөттөн кийин коё беребиз. Бул сууга жуунтуу өтө пайдалуу. Тактап айтканда, койдун денесине бүргө, кене жабышпайт жана жара баспайт. Иш-аракеттер бүткөн соң, темир идиштеги сууну короого сээп койсо, ал жерге курт-кумурска, кене, бүргө жана башка жолобойт. Койлор тез семирип, базарда өтүмдүү болот», — деди фермер Рахат Малабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE