Пример HTML-страницы

«Лекарь» компаниясы тарабынан Балыкчы шаарында 620 түп декоративдүү дарактын көчөттөрү отургузулду

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезидент Садыр Жапаровдун «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү алкагында Балыкчы шаарында жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, көчөттөр тигилди.

«Лекарь» компаниясы калааны көрктөндүрүү максатында шаардын борбордук Ж.Абдрахманов көчөсүнө, экологиялык посттун тушуна, борбордук паркка жана мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү социалдык объектилерге жалпы 620 түп декоративдүү дарактын көчөттөрүн отургузушту. Анда шамалга туруктуу, кумдак жерге ылайыктуу, июнь-август айларында гүлдөй турган туя холмструп, церцис, дейция, катальпа, форзиция бактарынын көчөттөрү тигилди. Калааны көрктөндүрүү иш-чарасына шаардагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жалпы билим берүү, маданият тармактары катышты.

«Лекарь» медициналык жайынын Ысык-Көл облусу боюнча аймактык менеджери Азат Шаменовдун айтымында, март айынын башында жетекчилик тарабынан дарыкана түйүндөрүнүн, дарыларды сактоочу жайларынын тегерек четтерин иретке келтирип, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилген. Анын негизинде шаарды жашылдандырууга омоктуу салым кошуп, көрктөндүрүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулуна кайрылышып, бирдикте иш алып баруу боюнча келишишкен. Демөөрчүлүк кылып жаткан «Лекарь» компаниясы Балыкчы шаарында ишмердигин 2015-жылы баштаган. Учурда Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 20дан ашык дарыкана түйүнү эл кызматында иштеп жатат. Бардыгы 100дөн жумушчу орду түзүлүп, келечекте бул көрсөткүчтү эки эсе көтөрүү мерчемделүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE