Пример HTML-страницы

Лейлекте 133 млн сомдон ашык акчага мектептин жаңы имараты курулуп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Миң-Жыгач айылындагы орто мектебинин жаңы имаратына капсула салынды.

Айыл өкмөт башчысы Сардор Темирбаевдин айтымында, Жаштилек орто мектебинин жаңы имараты 225 орунга ылайыкталган. Жалпы сметалык баасыЛмлн 250 миң 258 сомду түзөт. Ал эми тендердик баасы 115 329 478 сомду түзгөн. Мектептин курулушуна быйылкы жылдын эсебинен 5 млн сом каралган.

Курулуш иштерин «Снайпер» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жатат.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Снайпер» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Сатиев Сабыржан. Компания 2009-жылы 16-январда кайра катттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE