Пример HTML-страницы

Кызыл-Суунун тургундары жылуу сууга баруучу жолдогу көпүрөлөрдү оңдоп берүүнү суранышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургундары жылуу сууга баруучу жолдогу көпүрөлөрдү оңдоп берүүнү суранып жатышат.

Жергиликтүү тургун Надира Муслидинованын айтымында, жылуу суу айылдын жогору тарабында жайгашкан. Анын аймагы кооз болгондуктан туристтер көп барат.

Жылуу сага баруу үчүн 3-4 көпүрөнү басып өтүү керек. Бирок бул көпүрөлөр учурда авариялык абалда.

«Көпүрөлөр кооптуу, бирок өтүүгө аргасызбыз. Адам өмүрү кыйылганда оңдолобу?», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE