Пример HTML-страницы

«Кыргызтелекомдун» Жумгалдагы филиалынын короосунда жапалак арча жок кылынган. Айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Кыргызтелеком» ААКтын Жумгал районундагы филиалынын короосунда кыйылган жапалак арча боюнча айып пул салынды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган филиалдын короосуна уюлдук байланыш компанияларынын бири темир контейнерден офис куруп, кызыл сызыктан өтүп кеткен. Бул боюнча 13 000 сом жана жапалак арчаны кыюу боюнча 1900 сом айып пул салынган.

Айып пулдарды аталган компания төлөйт.

Ошондой эле, уюлдук байланыш компаниясы 100 түп карагай отургузуу жана сейил бак уюштуруу боюнча Чаек айыл өкмөтү менен келишим түзүп, «Кыргызтелеком» ААКтын Жумгал районундагы филиалынын фасадын жана тосмолорун оңдоо, таштаман төшөө, отургучтарды орнотуу жагы милдеттендирилди.

Мындан тышкары, филиалдын айланасына жакын жайгашкан, мыйзамсыз орнотулган тез татым жайын алдыруу тапшырмасы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE