Пример HTML-страницы

Кыргызстандыктардын жашоосун жаркын кылган бренд. 10 адамдан 10 баян

Акыркы жанылыктар

TurmushӨлкөдөгү ири уюлдук операторлордун бири — Beeline Кыргызстан быйыл 25 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Beeline бул жылдар аралыгында Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда өзүн ишенимдүү жана туруктуу оператор катары көрсөттү.

Beeline алдыңкы технологияларды киргизүүнү, тармакты жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүнү жана Кыргызстандын аймактары менен байланыш инфраструктурасын оптималдаштырууну жана кеңейтүүнү улантууда.

Мааракелик датага карата Turmush басылмасы аталган операторду көп жылдан бери колдонуп келе жаткан Кыргызстандын жарандары менен баарлашууну чечти. Алар эмне үчүн Beeline компаниясын тандап алышканы, эмне үчүн ыңгайлуу экени жана мобилдик тармак алардын жашоосуна жана жумушуна кандай жардам берери тууралуу айтып беришти.

Алгачкы каармандарыбыздын бири — Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынан Убайдулла Тураров.

40 жаштагы Туратов Убайдулла Авазович 11 жылдан бери бир гана уюлдук байланыш компаниясынын кызматтарын колдонуп келет.

Каарманыбыз 1983-жылы 11-октябрда Өзбекстан Республикасынын Жызак облусуна караштуу Достук районунун Манас айылында төрөлгөн.

«Кыргызстанга 2012-жылы көчүп келип, Чүйдүн Москва районуна отурукташып калдык. Көчүп келгенде, «жергиликтүү кайсыл уюлдук байланыш компания мыкты?» деп сураштырдык. Менин көпчүлүк тааныштарым Beeline’ды сунушташкан. Ошондон бери Beeline уюлдук байланыш компаниясынын кызматтарын колдонуп келе жатам. Үй-бүлөмдө 8 киши болсо, баары теӊ Beeline колдонушат. Чынында бул бизге абдан ыӊгайлуу экен. Анын үстүндө менин кесибим электрик. Эч бир фирмада деле иштебейм. Жеке электрикмин десем болот. Кардарлар электр жарыгы өчкөндө, антенна жакшы тартпаганда, тоолуу жерлерге чейин чакырып калышат. Кызыгы, башка компаниялардын антеннасы чыкпайт деген жерден мен колдонгон уюлдук байланыш компаниясынын антеннасы тарта берет. Мындан улам кардарым менен үзгүлтүксүз байланышып, жумушумду тоскоолдуксуз аткарып кете берем», — деди ал.

Убайдулла Туратов Beeline компаниясынын 25 жылдыгы менен куттуктап, үй-бүлөлүк корпоративдик тариф иштелип чыкса деген сунушун берди.

«Үй-бүлөбүз менен ушул компаниянын кызматын колдонуп келгендиктен, бизде бир сунуш бар. Үй-бүлөлүк корпоративдик тариф иштеп чыкса, жакшы болмок. Бизге мындан дагы ыӊгайлуу болмок. Интернетти дагы ушул эле Beeline аркылуу колдонобуз. Бул жагынан дагы эӊ мыкты.

Эми быйыл Beeline компаниясына 25 жыл болот экен. Жалпы жамаатынын иштерине ийгилик каалайбыз, Beeline — жаркын жакта жаша», — деди ал.

Гүлгаакы Дүйшеева — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 34 жаштагы тургуну. Ал жолдошу менен биргеликте 5 баланы тарбиялап келет.

«Мен Балыкчы шаарында төрөлүп, ушул жерде чоңойдум. Мектепти аяктаган соң, педагогикалык окуу жайга тапшырдым. Ошол учурда кошуна балабыз кече уюштуруп, мени жардам берүүгө чакырышты. Ал жакта кызмат кылып жүрүп, жолдошум менен таанышып калдым. Бири-бирибизди жактырып, 2007-жылы баш коштук. Учурда беш баланы тарбиялап келебиз. Келечекте баатыр эне болсом деген тилегим бар», — дейт ал.

Гүлгаакы айым жолдошунун өзгөчө белегин унутпайт. Ошол учурда ал эң баалуу белек болгонун да айтып өттү.

«Биз окуучу кезде уюлдук телефон көтөргөндөр чанда эле. Телефонум болсо деген кыял баарыбызда эле болчу. Жолдошум экөөбүз баш кошкондон кийин, 2009-жылы 8-мартта белекке уюлдук телефон берди. Эртеси, 9-март туулган күнүм эле. Кош майрамда мен күткөн белек берди. Анан Beeline уюлдук операторунун сим-картасын алыптыр. Ошол кездеги биринчи номурумду да унутпайм — 0772 80 72 29 эле. Жолдошум негизи мени бардык жактан колдоп, өзгөчө белектери менен кубандырып турат», — деди Г.Дүйшеева.

Гүлгаакы айым Beeline уюлдук операторунун активдүү колдонуучусу.

«Мен Beeline’ды колдонуп келгем. Ортодо башка операторлорду да колдонуп көрдүм. Бирок интернетке жума сайын акча төлөп, ал бир аптага жетпейт өчүп калат экен. Ошондуктан өзүм көнгөн Beeline’дын “Дилер” тарифин колдонуп келем. 4 жумага 290 сом төлөйм. Анын ичинде 45 ГВ, 6 ГВны вайфай кылып берүү мүмкүнчүлүгү бар, башка операторлорго 60 мүнөт бекер. Ошондой эле салган бирдик аркылуу бонус топтойбуз. Бирдик салууга мүмкүнчүлүк болбой калганда, бонусту интернетке алмаштырып алам. Бул бекер берип жаткандай эле болот. Мындан улам мен кайын журтума жана туугандарыма өзүм колдонгон уюлдук компанияны сунуштайм. Учурда Балыкчы шаарында дүкөндөрдүн биринде иштеп жатам. Ал жакта кардарлар тарифтер тууралуу сүйлөшүп калганда, аларга да арзан жана ыңгайлуу деп Beeline’ды сунуштайм», — деди ал.

Г.Дүйшеева сүйүктүү уюлдук компаниянын 25 жылдык мааракеси менен да куттуктап өттү.

«Көп жыл элге кызмат кыла берсин. Ыңгайлуу жана жаңы тарифтерди чыгарып, карапайым эл үчүн иштей беришине тилектешмин», — дейт ал.

Бишкек шаарынын тургуну Михайлов Михаил Михайлович көп жылдан бери Beeline компаниясынын уюлдук байланышын жана интернетин колдонуп келе жатканын айтты.

«Мен Beeline’ды Bitel учурунан бери колдоном. Узак убакыт бою Bitel’де болдум. Андан кийин Beeline болуп өзгөрүлдү. Ошентип, ушул күнгө чейин Beeline’дамын. Керемет компания. Мага жагат. Өзгөрткүм келбейт», — деди ал.

Михаил Михайлович кошумчалагандай, Beeline компаниясынын интернети абдан жакшы иштейт.

«Менин бардык туугандарым жана досторум Beeline’ды колдонушат. Бул компанияга эч кандай терс пикирим жок. Кандай гана суроо менен кайрылбайын, абдан тез жооп беришет, бардык муктаждыктарыңыз канааттандырылат. Байланыш абдан жакшы, ошондуктан баары сонун», — деп баса белгиледи ал.

Михайлов 1945-жылы Сибирдин Томск шаарында төрөлгөнүн белгиледи. 4 жыл аскер кызматын өтөп, андан кийин Фрунзеге келген.

«Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери борбор калаадагы университеттин туризм кафедрасында ага окутуучу болуп иштеп келем. Буга чейин Бишкек каржы-экономикалык академиясы болсо, азыр «Адам» университети. Ага чейин туризм жана экскурсия боюнча республикалык кеңеште улук инструктор болуп иштегем. Жаңы каттамдарды ачууга зарыл болгон жерлерде, анын ичинде Фрунзе жана Ысык-Көлдөгү борбордук башкы базада да иштегем. Туризмди өнүктүрүү жана көтөрүү максатында мени туристтик базаларга жиберишчү. Союз тарагандан кийин республикалык кеңеш өз ишин токтотту. Мен чоң туристтик агенттикте башкы менеджер болуп иштегем. Ал дагы ишин токтотту. Университетте 1995-жылдан ушул күнгө чейин иштеп келем», — деди ал.

Михаил Михайлович Beeline Кыргызстандын 25 жылдыгына карата компаниянын мындан ары да гүлдөп өнүгүшүн каалады.

«Beeline’дын өнүгүп, кардарларынын көп болушун каалайм!», — деди ал.

26 жаштагы Дилнура Кабулова тогуз жылдан бери Beeline уюлдук байланышын колдонот.

Ал Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан болот.

«2015-жылы борбордогу университетке тапшырып, жаңы мобилдик операторго өтүүнү чечтим. Beeline мага, өзгөчө окуу үчүн абдан ыңгайлуу болду. Чексиз интернетти туташтырдым. Ал жогорку ылдамдыкты жоготкон жок.

«Beeline айыл жеринде да абдан ыңгайлуу. Бийик тоолуу аймактарда да байланышты кармайт. Маанилүү учурда өчпөйт.

Чек ара чыр-чатактары болгон маалда жапа чеккен эл үчүн байланышты бекер кылышты. Мындан улам мен да аларды аябай сыйлап калдым. Ушунча жылдан бери көңүлүмдү калтырышкан жок, ошондуктан мен алар мененмин», — деди ал.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сары-Колот айыл аймагынын Сары-Колот айылынын жашоочусу Гүлжамал Кебекбаева дээрлик 30 жылдан бери англис тилчи мугалим болуп эмгектенет. Ал 10 жылдан ашык убактан бери Beeline’ды колдонуп келерин айтат.

«Beeline’дын сим-картасын колдонгонума 10 жылдан ашты. Аны көп жылдан бери колдонгонума өкүнбөйм. Анткени мен жашаган аймакта интернет абдан жакшы жана бат иштейт. Эң ыңгайлуу жери — интернет катып калбайт. Азыр эми мамлекет санарипке багыт алып, биз — мугалимдер да интернет менен көп иш кылабыз. Маселен, электрондук журнал, электрондук күндөлүк дегендерди колдонобуз. Сабакка байланыштуу интернеттен тиркемелерди көчүрүп, Ютубдан видео көрүүгө абдан ыңгайлуу жана сапаттуу десем жаңылышпайм. Анан калса, биздин айылда электр жарыгы өчүп калган убакта да кадимкидей байланыш үзүлбөйт жана интернетти кенен, сапаттуу колдонууга болот.

Ошондуктан мага Beeline’ды колдонуу ары жагымдуу, ары абдан зарыл десем болот. Мындан сырткары Beeline’дын «Бирге» деген тарифин колдонгондуктан, интернет абсолюттук түрдө чексиз жана жогорку ылдамдыкта. Ал тарифтин дагы бир ыңгайлуулугу — Wi-Fi’да. Үйгө барганда Wi-Fi жандырып коем, балдарым жана жолдошум кенен эле интернет колдоно беришет. Ага кошумча пандемия учурунда үйдө отуруп калып, аралыктан окутуу болду. Ошол учурда менин сабагым дээрлик үзгүлтүккө учураган жок. Анткени Beeline’дын интернети туруктуу жана жогорку ылдамдыкта иштеп турду. Ушул себептерден улам Beeline компаниясына ыраазычылыгымды билдирем», — деди Кебекбаева.

Beeline’дын туруктуу колдонуучуларынын бири — Сыймык Шамшиев. Ал 8 жылдан бери Beeline’дын кызматтарын колдонот. Шамшиев үй-бүлөсү жашаган айыл аймактын 90% калкы Beeline’ды колдонорун белгиледи.

«Үй-бүлөдө баарыбыз колдонобуз. Мен өзүмдү ала турган болсом, Ош шаарына студент болуп келгенге чейин эле Beeline’дын сим-картасын колдончумун. Туруктуу колдонгон сим-картам болгону үчүн мындан ары да колдоно берүүнү чечтим. Анан албетте, тааныштардын, үй-бүлө мүчөлөрүмдүн көпчүлүгү Beeline’дын сим-картасын колдонгону үчүн колдонуп келем.

Өзүм чоңойгон Кадамжай району боюнча айта турган болсом, андагы жашоочулардын 80-90%ы Beeline’дын сим-картасын колдонушат. Анткени эң алгач уюлдук телефондор чыга баштаганда биздин районго алгачкылардан болуп Beeline’дын мунаралары орнотулган», — деди Шамшиев.

Ош шаарынын тургуну Эртөштүк Нурбек уулу Beeline’дын сим-картасын 5 жылдан бери колдонорун, ал үй-бүлөсү үчүн ыңгайлуу экенин билдирди.

«Университетке тапшыра электе эле, окуучу кезимде да колдончумун. Бул аралыктагы убакытты эсептесем, 6 жылга чукулдап баратыптыр. Ошол убактан бери компанияда чоң өзгөрүүлөр болду. Beeline’дын сим-картасынын башка мобилдик сим-карталардан айырмачылыгы — өтө жогорку ылдамдыкта Wi-Fi таратып бере алат. Байланышты да жогорку ылдамдыкта камсыздап берет. Андан сырткары башка компанияларга салыштырмалуу тарифтеринин арзандыгы да биздин капчыкка ыңгайлуу. Мисалга, башка компаниялардын сим-карталарына айына 500-600 сом акча сала турган болсо, Beeline’дын сим-картасына айына 350-380 сом салуу гана жетиштүү.

Учурда мен 380 сомдук тарифти колдоном. Мындан сырткары Beeline’да бонустар бар. Мен сим-картаны көп жылдан бери колдонуп жатканыма байланыштуу бонустарды берип турат. Ал бонустарды кааласаң бирдиктерге, кааласаң интернет колдонуу үчүн мегабайтка алмаштырып алсаң болот», — деди Нурбек уулу.

https://www.youtube.com/watch?v=Q_YDmHEwtlU

Масыров Рыскулбек Бактыбекович Beeline компаниясынын кызматтарын бир топ жылдан бери колдонуп келет.

Каарманыбыз 2004-жылы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Учурда Бишкек шаарында жашайт, студент.

«Мен 6 жылдан бери Beeline компаниясынын кардары болом. Үйдө жалпы 6 киши болсок, анын үчөө Beeline компаниясынын кызматтарын колдонобуз. Компаниянын өзгөчөлүктөрү көп. Эӊ негизгисин айта кетсем, кардарларына дайыма акция өткөрүп турат. Ошол эле «Бактылуу күн» («Счастливый день») акциясы ар бир майрамда 2 ГБ интернет белекке берет. Ыӊгайлуу тарифтерде шарттар бар. Мисалы, «Жаӊы билим онлайн» тарифин 3 жылдан бери колдонуп келе жатам. Абдан ыӊгайлуу.

Бир окуя эсимен кетпейт, 5 жыл мурун болгон. Белгисиз номурдан Beeline номурума чалуу келди. Башында «+» белгиси бар чет элдик номур экен. Түбүндө Финляндия деп турат. Телефонду алсам, бирөө орус тилинде сүйлөй баштады. «Сиз башка номурга чалып алдыӊыз» деп, мен да орусча жооп бердим. Ал мени укпай эле, Кытайдан товарды алып, кайсы бир мамлекетке жеткиришим керектигин айтты. Мен ал кезде жаш баламын. Мени бирөө тамашага салып жатат же адашып чалып алды деп ойлоп: «Мен отпускадамын, товарды башка киши алып кетсин» деп телефонду коюп салдым. Ошону менен кайра чалган жок. «Эмне болгон товар, эмнеге мага чалды» деп суроо салып, эстеп калам», — деди ал.

Рыскулбек Beeline компаниясынын 25 жылдык мааракеси менен куттуктап, сунуштарын айтты.

«Тарифтердин шарттарын өзгөртүп жатканда, кардарга билдирүү жиберип турушса жакшы болмок. Эки жыл мурун бир тариф колдончумун. 200 сом бирдик салып, 45 ГБ интернет алчумун. Бир күнү 200 сом салсам эле иштебейт. Интернетке такыр кирбей койду. Тарифти карасам, 300 сомдон ашык акча каражатын талап кылган өзгөрүү кирип калыптыр. Бул боюнча мага алдын ала айтылган эмес.

«Бактылуу күн» деген акция болуп жатат. Ал толук 24 саат иштейт. Түнкү саат 00:00дөн кийин кошконго аракет кылам. Бирок, эмнегедир дароо кошулуп кетпейт. Саат 00:30 же саат 00:45те кошулат. Ушуну карап коюшса. Мындан бөлөк менде сунуш же терс пикир жок. Калганы сонун.

Beeline компаниясы дайыма стабилдүү иштеп келет. Олку-солку болбойт. Дайыма байланыш болуп турат. Офистери абдан көп. Барсаӊ, баарын түшүндүрүп, ар кандай суроолорубузга сылык түрдө жооп беришет.

Быйыл Beeline компаниясынын түзүлгөнүнө 25 жыл болот экен. Бул абдан чоӊ сан. Beeline мындан ары да кардарларынын ыраазычылыгын алып, бизге ыӊгайлуу шарт түзө берсин. Ишине ийгилик каалайбыз. Beeline өсө бер, өнүгө бер!», — деп сөзүн бүтүрдү ал.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургуну Эмир Сариев 2012-жылдан бери Beeline уюлдук байланышын колдонот.

Ал 1999-жылы туулган.

Эмир Beeline’дын башка мобилдик операторлордон айырмаланып турган артыкчылыктарын айтып берди.

«Эң биринчи мага жакканы — чөнтөккө туура келген мыкты тарифтер. Башка операторлорду колдонуп көрдүм, бирок Beeline жакшыраак экенин түшүндүм.

Бир жолу башка операторго мага ыңгайлуу тариф катары көрүнгөндүктөн кошулгам. Иш боюнча башка облустарга барганда интернет жайлап, иштебей баштады. Beeline болсо бүт өлкөнү камтыйт. Кайсы жерде болбо, байланыш дайыма болуп турат. Интернет да каалагандай иштейт.

Ар кандай жагдайлар пайда болот. Кээде интернетти (WI-Fi) кимдир бирөө менен бөлүшүү керек болуп калат. Башка мобилдик операторлордо буга кошумча төлөм талап кылынат. Ал эми Beeline’да андай деген жок.

Менин айылым Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан. Ал жакка барганда, интернеттин ылдамдыгынан айырмачылык байкала баштайт. Видео, аудиолор кечирээк ачылат. Мындай учурларда компанияга телефон чалам. Алар тез арада эле маселени чечип коюшат. Бул үчүн биз абдан ыраазыбыз», — деди ал.

Beeline уюлдук тармагынын ишенимдүү колдонуучуларынын бири — Молдокалов Нуркасым Маткасымович.

Ал 65 жашта, Жалал-Абад облусунан болот, бирок борбордо жашайт.

«Кесибим боюнча аскердик инженер-куруучу жана архитектормун. Мен мобилдик телефонду пайдалана баштагандан бери «Beeline» операторун колдоном. Мурда Bitel деп аталчу.

Beeline мага каалаган убакта оперативдүү байланыш менен камсыздап турганы менен жагат. Байланышты жакшыртуу боюнча дайыма иш алып барышат. Учурда өлкөбүздүн каалаган бурчунда оңой эле чалууга, 4G жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонууга болот.

Уул-кыздарым ар кайсы аймактарда жашашат. Алар да бул уюлдук операторду колдонушат», — дейт ал.

Нуркасым Маткасымович тейлөөнүн сапаты жакшырганын белгиледи.

«Мен кызматыма байланыштуу Россияда жана башка өлкөлөрдө көп болом. Ал жакта интернет кызматы алда канча арзан, ылдамдыгы жогору жана сапаттуу. Акыркы убакта бизде да байланыштын сапаты жакшырып баратат. Дээрлик бардык аймак 4G ылдамдыгы менен камтылган. Бул албетте кубандырат. Жада калса, кыргыз номуру менен Россияга учуп барууга жардам берген кызмат бар. Сен болсо эч кандай тоскоолдуксуз телефон чалып, сүйлөшө аласың», — деди Н.Молдокалов.

Ал Beeline компаниясын мааракеси менен куттуктады: «Ушул датага байланыштуу мен бардык кызматкерлерди, техникалык кызматкерлерди, жетекчиликти компаниянын Кыргызстанда түптөлүшү менен куттуктайм. Бул татаал тармакта мындан аркы өнүгүүнү каалайм. Үй-бүлөңүздөрдө бакыт болсун, эң негизгиси жалпы жамаат ден соолукта болушсун. Балдар, кыздар чоң эмгек үчүн ыраазычылык».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE