Пример HTML-страницы

«Кыргыз соода биримдигинин» өкүлү А.Эргешов Кара-Суунун борбордук базарындагы 1,76 га жер боюнча кайрылуу жасады

Акыркы жанылыктар

Turmush«Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун юристи Анарбай Эргешов сот адилеттүүлүгүн суранды. Ал ал бүгүн, 25-июль күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында кайрылуу жасады.

Анын айтымында, ЖЧКнын Ош облусунун Кара-Суу районундагы борбордук базарда 1 гектар 76 сотых аянтты ээлеген жери бар. Жогорку соттун 4 чечими, Башкы прокуратуранын доосуна карабай, Ош облустук райондор аралык соту «Кыргыз соода биримдиги» ЖЧК менен Ош облустук керек-жарак союзунун ортосундагы сатып алуу жана сатуу келишимин жокко чыгарган. Ал муну бирөөнүн мүлкүн башка бирөөгө ыйгаруу деп атады.

«Президент Садыр Нуркожоевичке, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Курамаевичке, башкы прокурор Курманкул Токторалыевичке, УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевичке кайрылам. Камчыбек Кыдыршаев «Коррупцияны айткыла» дегенден кийин айтууну чечтим. Коррупцияны айтуу өтө кыйын жана кооптуу экен.

Мүлк фонду бул иште тарап болбосо да, даттануу мөөнөтү өтүп кетсе да, иш өндүрүшкө алынды. Башкы прокуратуранын билдирмесинде келтирилген Жогорку соттун бир нече чечимдери күчүндө турса да, ошондой эле Ош облустук прокурорунун сотко катышкан прокурору Мүлк фондунун сотко катышканы мыйзамсыз экенин далилдеп, айтып турса да, судья Жогорку соттун «акыркы, даттанууга жатпайт» деген, күчүндө турган бир нече чечимдерине карама-каршы чечим чыгарды. Ош облустук райондор аралык соту мыйзам чегинен чыгып, «Кыргыз соода биримдиги» менен Ош облустук керек-жарак коому тарабынан түзүлгөн сатуу жана сатып алуу келишимин жокко чыгарды», — деди Эргешов.

«Кыргыз соода биримдиги» ЖЧКсын Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, маркум Баяман Эркинбаев негиздеген.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Баяман уулу Адилет, түзүүчүлөрү — Баяман уулу Адилет, «СТРОЙАРСЕНАЛСЕРВИС» жоопкерчилиги чектелген коому. Компания 2022-жылы 22-декабрда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: кеңири ассортименттеги товарлардын дүң соодасы боюнча агенттердин иши.

«СТРОЙАРСЕНАЛСЕРВИС» жетекчиси катары Бекмуротов Иляс Дилшодбекович, түзүүчүсү катары Баяман уулу Адилет жана Иманалиева Мээрим Маматеминовна көрсөтүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү: бышырылган кирпич жана башка курулуш материалдарын чыгаруу.

Ал эми Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы «Объекттерди башкаруу боюнча дирекция» мамлекеттик ишканасынын «Туратали базары» филиалынын өкүлү Бакыт Адылов Анарбай Эргешов айткандар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE