Пример HTML-страницы

Кылычбек Саркарбаевге карата козголгон кылмыш иш Жогорку сотко чейин жетти

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин мурунку төрагасы Кылычбек Саркарбаевдин жасалма документтерди жасап, шалаакылыктан денеге оор залал келтирүү фактылары боюнча козголгон иш Жогорку сотко чейин жетти.

Жогорку соттун кароосуна Ош облусунун прокуратурасынын мамлекеттик айыптоочусу А.Айдаровдун сунуштамасы жөнөтүлдү. Ал актоо өкүмдөрүн жокко чыгарып, күнөөлүү деп таап, мыйзам чегинде жаза берүүнү өтүнөт.

**************

Ош облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жазык кодексинин 359-беренесинин 3-бөлүмү (документтердин жасалмасы) жана 142-беренеси (ден соолукка этиятсыздыктан оор зыян келтирүү) боюнча анын аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган. Кылычбек Саркарбаевдин үй камак түрүндөгу бөгөт коюу чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин алып салуу көрсөтүлгөн.

«Жазык-процесуалдык кодекстин 339-беренесинин 1-бөлүгүнүн талабына ылайык, айыптоо өкүмү соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучунун кылмышты жасоодогу күнөөлүүлүгү иликтенген далилдердин жыйындысы менен ырасталган шартта гана чыгарылат жана божомолдорго негизделүүсү мүмкүн эмес.

Жазык-процесуалдык кодекстин 17-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык, эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Соттук териштирүүдө айыптоочу тарап айыпталуучунун күнөөсүн далилдеген негиздерди сотко келтирген жок.

Жогорудагы өкүм менен макул болбой Ош облустук прокуратурасы Ош облустук сотуна апелляциялык сунуш келтирилген», — деп айтылат маалыматта.

Биринчи кылмыш иш (359-берене):

2021-жылдын январь айында УКМК жасалма документти пайдалануу фактысы боюнча Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаевди кармаганы кабарлаган.

«Саркарбаев мурда 1987-жылы 28-декабрда туулган Сулайманов Кылыч Асылбекович болчу. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун лидери, «Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов менен тыгыз байланышта.

Сулайманов-Саркарбаев буга чейин тоноо фактысы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 2006-жылы июнда Ош шаардык сотунун чечими менен шарттуу түрдө 1 жылга эркинен ажыратылган. Ошондуктан соттолгонун жашыруу үчүн 1987-жылы 20-январда туулган Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин атына жасалма паспорт алган. Бул документтин негизинде жумушка орношуп, Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси болуп иштеп жаткан.

Сулайманов-Саркарбаев уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп туруп, көптөгөн криминалдык чыр-чатактарга катышкан. Анын ичинде эрежесиз уруш боюнча белгилүү мушкер менен ок атышууга катыштыгы бар», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

2020-жылы декабрь айында ал Жазык кодексинин 359-беренеси (документтердин жасалмасы) боюнча шектүү катары кармалган, ал эми 16-январда Ош шаардык соту үй камагына чыгарган.

Мындан тышкары УКМК Саркарбаев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатканын билдирген. Анын жакындары мамлекетке келтрилген зыян катары 1 млн сом төлөп беришкен.

Экинчи кылмыш иш (142-берене):

Кылычбек Саркарбаевдин ысымы 2019-жылы Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы окуяда да аталган. Анда белгилүү спортчулардын ок атуу менен коштолгон жаңжалы тууралуу маалымдалган. Окуя учурунда спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу октон жаракат алганы айтылган. Ал 22-сентябрда жандандыруу бөлүмүнө түшүп, эртеси күнү травматология бөлүмүнө которулган.

Бул окуя боюнча Төлөгөн Рахманберди уулу менен Кылычбек Саркарбаев өз билдирүүлөрүн тараткан.

Ош ОИИБдин билдирүүсү: «22-сентябрь күнү эртең мененки саат 09:40 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустук ооруканасынан 1990-жылы туулган Р.у.Т. денесинен жаракат алып кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ооруканага Ош ОИИБдин жана Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу барышкан. Териштирүү иштеринин алкагында 22-сентябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кара-Суу районунун Фуркат айылында Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну С.К. өзүнүн автоунаасы менен Алай районунун 1990-жылы туулган тургуну Р.у.Т.нын автоунаасын кубалап барып, Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек айылына жеткенде токтотконун аныкташкан. Ал жерден өз ара пикир келишпестиктен улам С.К. ок чыгарып, анын кесепетинен Р.у.Т. Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Окуя болгон жерде милиция тарабынан кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Жазык кодексинин 138-беренесинин (Ден соолукка оор зыян келтирүү) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган».

Рахманберди уулу Төлөгөн Түштүк Кореяда өткөн ММА боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Макаодо (Кытай) өткөн мелдеште дүйнө чемпиону аталган.

Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин жетектеген. Ал кикбоксинг, самбо жана күжүрмөн самбо боюнча спорт чебери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE