Пример HTML-страницы

«Кылмышкер көчөдө жүрөт»: Ак-Сууда зордукталды делген аялдын жердештери топтолду (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургунун зордуктап, ур-токмокко алган жарандын үй камагына чыгарылышына нааразы болгон айыл тургундары чогулуп, нааразычылык билдиришти.

Алар кылмышка шектүүнү камап, сот жообуна тартылышын талап кылышты.

«Кылмышка шектүү үй камагына чыгып, унаасы менен көчөдө жүрөт. Анын «эч нерсе кыла албайсыңар» деген сөзү айыл элинин ачуусуна тийди. Биз облус жетекчисине, милицияга, прокуратурага жана сотко кайрылдык. Бул жерде ага коюлган айып боюнча да сурадык. Эми бул жерде чоң кылмыш да. Сот актап жаткандыгына байланыштуу жеңил жазабы деп да ойлодук. Сот мыйзам чегинде соттой албаса, бизге бергиле, өзүбүз соттойбуз», — дейт Жылдыз айылынын тургуну Максат Акматов.

Бул иш боюнча облустук соттун басма сөз кызматы маалымат берди. Анда кылмышка шектүү 27-сентябрга чейин камакка алынган.

«Ак-Суу РИИБдин тергөөчүсү тарабынан айыпталуучу Б.Р.Б.ге карата угузулган айыбы өзгөртүлүп, анын аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (зордуктоо) 2-бөлүмүнүн (зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен же аны колдоном деп коркутуу менен, же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашуу) 3-пунктуна (өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу коркунучу менен коштолгон) квалификацияланган. Айып бир топ оорлогондугуна байланыштуу мурда тандап алынган бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө сотко өтүнүч келтирилген. Андыктан Ак-Суу райондук сотунун 2023-жылдын 31-июлундагы токтому менен айыпкер Б.Р.Б.га карата колдонулган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүнө өзгөртүлүп, ал тергөө мөөнөтүнө, тактап айтканда 2023-жылдын 27-сентябрына чейин камакка алынган», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 1-август күнү Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы Абдисалам Мойдуновдун зордуктоо фактысы боюнча айыпталуучуну эркиндикке чыгарган иш-аракеттерине байланыштуу ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, жыйындын жыйынтыгында судья өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Судьянын өтүнүчү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине жөнөтүлгөн.

  • Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жылдыз айылынын 51 жаштагы тургуну зордукталганын айтканы боюнча маалымат жарыялаган.

2023-жылдын 27-июль күнү Ак-Суу РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыз менен Ак-Суу районунун Жылдыз айылынын 1972-жылы туулган тургуну Б.И.Ө. кайрылган. Ал өз арызында 2023-жылдын 26-июлунда саат 23:00 чамасында Жылдыз айылы менен Чолпон айлынын ортосунан 1977-жылы туулган Б.Р.Б. «Мазда Трибьют» үлгүсүндөгү унаасына салып, талаага алып барып сабап, андан кийин зордуктап, ошол жактагы чуңкурга таштап кеткенин билдирген.

Аталган арыз Ак-Суу РИИБдин маалыматтык электрондук журналына каттоого алынып, алгачкы териштирүү иштери башталган. Шектүүгө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмү (зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулукту жасоо менен, же аны колдоном деп коркутуу менен, же жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жыныстык катнашка баруу) менен кылмыш иши козголгон.

Видеодо жабырлануучу кылмышка шектүү камактан чыгарылганын айтканын угууга болот.

Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы шектүүгө карата баш коргоо чарасын — үй камагын колдонуу чечимин Ак-Суу райондук соту чыгарганын билдирген.

.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE