Пример HTML-страницы

Комузду дүйнө элине даңазалоону максат кылган Бурулайдын таланты (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз элин комуз менен дүйнө элине таанытууну максат кылган Бурулай Урматалиева үч кылдуу аспап менен ийгиликтерди багындырып келүүдө. Элеттик талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш талант Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте 11-класста окуйт. Ал келечекте ырчылык өнөрдү алып кетпесе да, комузун колдон түшүрбөй, ырдап жүрүү максаты бар экенин айтты.

«4-класстан бери айылдагы маданият үйүндө Бермет Айдаркулова эженин комуз ийримине катышып, улуттук аспабыбызды чертүүнүн сырларын өздөштүрүп келем. Ийримге жаңы каттап жүргөн учурда комузду ойноодон колдорум чарчап, а түгүл, ооруган кездерде мугалимимдин көмөгү, апамдын сунушу менен таштабай, чыдап, ийгиликтерге жетиштим. Негизи үй-бүлөдө бир туугандарым же ата-энем комуз чертмек түгүл ырдабайт. Бирок тай акелерим, агаларымдан ырдап калгандары бар. Ырчылык өнөр биздин каныбызда бар болсо керек деп ойлойм», — деди ал.

Жаш комузчу бир катар республикалык сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыздап келет. Бирок ал келечегин ырчылык өнөрдөн көрө албайт. Ал бул өнөрдү хобби катары алып кетип, ыр-күүгө бай кыргыз элин дүйнө элдирине тааныткысы келет.

«Үй-бүлөдө 6 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Ата-энем менин атымды менден кийинки перзент уул болсун, бурулсун деген максатта Бурулай деп койгон экен. Алардын ниетиндей эле менден кийинки иним бар. Бирок менден улуу эжелерим да, иним да маданиятка жакын эмес. Мен гана комузду көргөндө кармана албай, колума алып чертип, а түгүл шаңкылдай ырдап кирем. Бирок келечекте консерваторияга тапшырып, атайын музыка жаатында билим алууну каалабайм. Ырчылык өнөр бул менин жөн гана хоббим болот деген ишеничтемин.

Быйыл айылдагы мектепте бүтүрүүчү класста окуп жатам. Мектепти аяктагандан кийин медициналык окуу жайга тапшырам. Бирок комуздан кол үзүп кетпейм. Себеби комузда кол ойнотуу — менин кызыгуум, кошумча өнөрүм. Комуз менен чоң сахнада, чет өлкөдө ырдап, кыргыз маданиятын тааныткым келет», — деди ал.

Бурулай Урматалиева өткөн жылы Кыргызстан аялдар конгресси уюштурган сынакка катышып, комуз менен ыр ырдап, 2-орунду багындырган. Быйылкы жылы республикалык «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» кароо-сынагынын райондук турунда баш байгени алып, облустук түрда 2-орунду камсыздады. Мындан сырткары бир катар республикалык деңгээлдеги сынактарда алдыңкы орундарды багындырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE