Пример HTML-страницы

Кичинекей актриса Бегимай алгачкы сыйлыгын 7 жашында алган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айылындагы Р.Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучусу Бегимай Касымаалиева учурда спектаклде, кыргыз тасмаларында роль жаратып жүрөт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Бегимай учурда 12 жашта. 6 жашында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романынын негизинде коюлган спекталде Эрмектин ролун жараткан. 7 жашында СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган республикалык фестивалда «Эң мыкты дебют» наамы менен сыйланган.

Кичинекей актриса эсте калган окуясынан айтып берди.

«Акыркы сабак» сериалында Айту, анын агасы Урмат жана апасынын бийлеген жери бар эмеспи. Мен Айтунун ролун аткаргам. Ошондо үчөөбүз бийлеп жатсак эле, режиссер Руслан Акун, тасма тарткан топтун балдары дагы кошо аралашып, бийлеп кетишсе боло. Мен таӊ калып, бирок билгизбей, ролумду аткара бергем. Көрсө, Руслан Акун балдар менен сүйлөшүп, пранк жасашыптыр.

Мен кичинекей кезимен чыгармачылыкка аралашып жүрөм. Кырчын жайлоосунда 2016-2018-жылдары өткөн Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкам. Мектепте жакшы окуйм. Кичинекей кезимен бий ансамблинде бийлечүмүн. Карантинден кийин барбай калдым. Бош убактымда съёмкаларга, театрга барам. Волейболго кызыгып, спорт ийримине катышам. Сүрөт тартканды, китеп окуганды, тамак жасаганды жакшы көрөм. Келечекте актриса болом деп жүрөм. Мурда дарыгер же мугалим болгум келчү», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE