Пример HTML-страницы

Кемпирин жоктогон карыянын байбичеси кайра тирилип… Көз көрсөтүүгө келгендерди шок кылган керээз

Акыркы жанылыктар

TurmushБул жолу Ташкент шаарында партиялык жогорку окуу жайын аяктап, түштүктө жооптуу кызматта иштеген Исмайыл Молдокул уулу жөнүндө сөз болмокчу. Исмайыл Молдокул уулу жана анын сырдуу жоголушу тууралуу жээни, Кочкор айылынын тургуну Мухамбет Беккожоев аймактык кабарчыга айтып берди.

«Илгери азыркы Кызыл-Дөбө айылына караштуу Сөөк деген жайлоодо чоң таятам Молдокул Беккелди уулунун үйүнө кут түшүптүр. Кут боз үйдү тешип түшүп, коломто жакка кыт (коргошун) сыяктуу болуп уюп калыптыр. Молдокулдун байбичеси кебездин ортосуна акырын салып, эшикке чыгып улак алып келип мууздап, кан чыгарып ырымдайт. Кийин мал союп, элге түлө кылышыптыр. Кут бийликке же байлыкка келет экен. Молдокул таятамдын үч уулунун бири Чүй облусунда прокурор, экинчиси Токмоктогу тери-жүн иштетүүчү заводго директор, үчүнчүсү менин таятам Исмайыл Молдокул уулу колхоздо башкарма болуп турган.

Молдокулдун кут кармаган байбичеси саяктын Катаган деген уругунан экен. Ал кайтыш болуп, эки күндөн кийин тирилиптир. Абышкасы сыртта турса, сөөк жаткан үйдөн “Моко!” деп чакырат. Акырын тыңшаса, “Моко, (абышкасын Моко деп чакырчу экен) үстүмө киши кирбесин, өзүң эле кир” дейт. Кирсе байбичеси төшөктө отуруптур. Өңү сапсары болуп калыптыр. “Тиги дүйнөдөгү бейиш менен тозокту көрүп келдим. Силерге эскертүү үчүн кайттым. Кайра кетем, ошондо тиги төмөн жактагы баламдын бейитинин жанына койгула!” деп тиги дүйнөдө көргөнүн, бейиш менен тозок кандай экенин айтып берет. Адамдар эмнени жасоо керектигин, эмне күнөө экенин айтып, “аялдарга күйөөңөргө өйдө карабагыла. Күйөөгө каяша берүү, сыйлабоо чоң күнөө” экен деп төшөгүнө жатып, тиги жайга аттанып кетиптир. Эл чатырдын сыртынан анын айткандарын угуп туруптур. Кийин Молдокул дагы бир аял алат. Молдокул улуу байбичесинен Халилда, Калча, Исмайыл, кийинки аялынан Искак, Белек деген уулдуу болгон. Искактын уулу Курманбек айыл өкмөт башчысы болуп иштеп турган. Кут бийликке жана ооматка түшсө керек.

Молдокул Беккелди уулу да касида окуган, чоң молдо болуптур. Совет өкмөтү түзүлүп, молдолорду кыстап турган кезде бир араба диний китептерин мүрзөгө алып барып, корумдап көмүп салыптыр. Ошондо 10 жаштагы жээнине “кийин заман оңолсо алып алгыла” дейт. Кийин ал кайтыш болорунда “таякемдин ушундай керээзи бар эле” деп айтканын кызы Эрмек Раманкулова уккан экен. Китепти алыштыбы же алган жокпу билбейм», — деди ал.

Анын айтымында, таятасы Исмайыл Молдокулов совет өкмөтү уюшулган кезде колхоздо башкарма болуп турган.

«Анын үч жакшы аты болгон экен. Аларды күнү-түнү алмаштырып минип, Кызыл-Дөбө, Ак-Талаа айылдарындагы бай-манаптарды кулакка тартып, алардын байлыктарын кедей-кембагалдарга алып берип тынчу эмес дейт. Кийин Ташкент шаарынан Кызыл профессор деген жогорку партиялык мектепти бүтүрүп келип, 1936-жылы Ош облусунда уюштуруу бөлүмүн жетектеп турат. Окууга кетеринде Шамсия деген кызы болгон. Ташкентте окуп жүргөн кезде аялынын боюнда бар экен. Ошондо үйүнө кат жазыптыр. “Эгер эркек төрөлсө Стахан деп койгула, кыз төрөлсө өзүңөр билип койгула” дептир. Кыз төрөлүп, туугандары өзү айткан атты коёлу деп Стахан деп коюшат. Себеби, ошол кезде стахановчул кыймыл жана жумушчу табынын маданиятуулугу тууралуу жумушчулар, жумушчу аялдардын бүткүл союздук биринчи кеңешмеси өтүп жаткан. Таятам Исмайыл уул төрөлсө, ошонун урматына атын койсом деген экен. Туугандары Стахан деп атын койгон кыз менин апам. Исмайыл таятамдан Шамсия, Стахан деген эки кыз калды. Исмайыл Ошто уюштуруу бөлүмүн жетектеп жүрүп, 28 жашында дайынсыз жоголду.

Исмайылдын Ташкентте окуган курсташтары жыйында катышып отурса, Исмайыл Молдокулов деген жетекчи жыйында сүйлөп жатканын көрүшөт. Караса өздөрү менен окуган Исмайылга окшошпойт. Чакырып сураса, “Ташкенттен окугам, атым Исмайыл” дейт. “Кайсыл жерде окугансың, кимдер менен?” деп такып сурап жатып, Исмайыл Молдокуловдун документи аркылуу иштеп жүргөнүн билип, милицияга кармап беришет. Ал алдап иштеп жүрөндүгү билинип атылып кеткен экен. Ошентип Исмайыл Молдокулов таятамдын өлүү же тирүүсү, өлсө кайсыл жерге коюлганы билинбейт.

Баягы Исмайыл Молдокуловдун аты менен иштеп жүргөн жигит таятам дайынсыз болгондон кийин үйгө келип, “Исмайылдын документи тура бергенде эмне болот эле. Мен шаарга алып барып өткөрүп таштайын” деген экен. Анан саап ичкиле деп бир саан уй берип, таятамдын документтерин сурап кетиптир. Мурда таятам башкарма кезде аны менен бирге иштеген кызыл-дөбөлүк адам экен. Ошентип таятамдын ордуна жетекчи болуп иштеп жүрүп, акыры билинип атылып кетти. Таятамды кимдер өлтүрүп, каякка көмүп салганы белгисиз бойдон калды. Андан сүрөт да калбаптыр», — деди Мухамбет Бекожоев.

Исмайыл Молдокуловдун улуу кызы Шамсия Шалпыкова азыр 106 жашта. Ак-Учук айылында жашайт. Экинчи кызы Стахан Сманкулова, 82 жашка келди. Акын катары ырлары райондук, облустук басма сөздөргө чыгып жүргөн. Азыр Бишкек шаарында жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE