Пример HTML-страницы

Кеминдин Кызыл-Октябрь айыл аймагында болгон катуу шамал эки мектептин чатырын учуруп, тосмолорду кулатты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагында катталган катуу шамалдын кесепетинен футбол аянтчанын темир тосмолору кулап, мектептин жана спорт залдын чатыры учту. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, Жаңы-Алыш мектебинин чатыры учуп, футбол аянтчасынын тосмолору кулаган.

Ак-Бекет айылындагы мектептин чатыры, Кашкелең айылдык маданият үйүнүн чатыры учкан.

Жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE