Пример HTML-страницы

Кемин районуна Баткендин жыйырмадан ашык тургуну жайгашты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна жыйырмадан ашуун баткендик тургундар жайгашты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, башында 14 киши келген. Анын ичинен 4 чоӊ киши, 1 студент, калганы жаш балдар. Анын ичинен кечээ 2 келин балдары менен 9 киши кеткен. Андан кийин 11 киши, тактап айтканда 5 аял, 6 баласы менен келди.

«Түндө дагы кемпир-чал келишти. Азыр дагы жолдо 4 киши келе жатат. Биз аларды Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Алтымыш айылындагы №19 кесиптик лицейинин жатаканасына жайгаштырып, бардык шарттар түзүп бердик.

Учурда мектеп курактагы 3 бала бар. Аларга Алтымыш негизги мектеби менен тааныштыруу уюштурулду. Бөбөктөргө райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп жамаатынын атынан чакан кече жана таттуулар тартууланып, ысык чай уюштурулду. Алтымыш негизги мектебинин 8-классынын окуучусу Үсөнбеков Жаныбектин демилгеси менен «Баткен элине жардам» кутучасы уюштурулуп, окуучулар өз жардамдарын беришти. Мектеп окуучулары үчүн Кара-Булак айыл өкмөтү тарабынан окуу куралдары, кийим-кече жана башкалар алынып берилет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE