Пример HTML-страницы

Казакстан менен чектешкен айылда стела алмаштырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылында заманбап стела орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Вознесеновка райондогу 6 айыл аймактардын бири. Анда алмаштырылган стелага 547 миң 452 сом каражат сарпталган.

«Вознесеновка айылы Бишкек—Чалдыбар унаа жол боюнда жайгашкан. Ошондой эле, ал Жайыл району менен чектешип турат. Ошондуктан, райондун кире беришине, босогосуна «Панфилов району», «Вознесеновка айыл аймагы» деген жазуусу бар стела коюлду. Ал түн ичинде жанып турат», — деди айыл өкмөт башчысы Жаңылмурза Баязова.

Ал эми райондун акими Маил Алияскаров: «Районубуз Казакстан менен чектешкен аймактардын бири. Ошондон улам, эл каттамы да көп. Негизи ар бир аймак болобу, өзүнүн инфратүзүмү менен айырмаланып турат. Район да ошондой максатты көздөп, жол боюндагы көрнөк-жарнактар мамлекеттик тилде жазылып, стела алмаштырылып, президенттин жарлыктары илинип турат. Кыскасы, элибиз айткандай: «Эшигин көрүп, төрүнө өт» деген сөз эле жетиликтүү го», — деди.

  • Панфилов районунда калктын саны — 48 612 адам.
  • Райондун 2022-жылдагы боюджети 66 млн 687 миң сом. Ал эми Кайыңды шаарын эсептегенде, Панфиловдун жалпы боюджети 102 млн 268 миң сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE