Пример HTML-страницы

Караколдук Бегимай Шерипова бир катар таланттар сынагында облустун намысын коргоп келет

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Бегимай Шерипова бир катар таланттар сынактарынын жеңүүчүсү. Ал өзү чыгармачыл үй-бүлөдө чоңоюп, бул ирет 23-24-март күндөрү өтө турган республикалык «Жоокер ыры» сынагында Ысык-Көлдүн намысын коргойт.

Шерипова Бегимай Саматбековна 2007-жылы 7-июлда туулган. Ал №11 гимназиясында 9-класста окуйт.

«Үй-бүлөмдө 8 адамбыз — атам, апам, эки эжем, агам, мен, сиңдим жана иним. Агам гитарада жакшы ойнойт, эжелерим комуз черткенге шыктуу. Кичинекей кезимден эле ырдап, көркөм окуп баштагам. Биринчи аткарган ырым «Rolling In The Deep» болчу, аны эжем үйрөткөн. Мен англис, кыргыз, орус, француз тилдеринде ырларды көп ырдайм», — деди ал.

Анын айтымында, ата-энеси бала кезинен эле искусствого, чыгармачылыкка болгон сүйүүсүн арттырышкан.

«Нурия эжем мени ар кандай сынактарга алып барчу. Шаарда “Америка бурчубуз” бар, анда иш-чаралар тез-тез өтүп, мен да катышып жүрдүм. Анан ата-энем ушул жөндөмүмдү байкап калып, музыкалык окуу жайга тапшырышты. Айрым учурда утулууга дуушар болуп, маанайым чөккөндө, апам абдан жардам берет. Ал мени менен көп сынактарга барган. Менин атамдын опералык үнү бар, мурда сурнайчылардын хорунда болгон, бирок бул ишти уланткан эмес. Атам менен сүйлөшкөндү жакшы көрөм, анткени ал мага чоң моралдык колдоо көрсөтөт. Мен атактуу ырчы боло алам деп ойлойм», — деди ал.

Музыкалык мектепте Бегимайдын негизги аспабы комуз болгон.

«Мен вокалга жакынмын, башка тилдерде ырдаганды жакшы көрөм. Музыкалык мектептен бизге ырдаганды көп деле үйрөтүшкөн эмес, бирок менин угуум абдан жакшы. Өзүм ырчылыкты үйрөнгөндүктөн, жакшы мугалим тапкым келет. Бирок азырынча Караколдон андай адамдарды таба элекмин», — деди ал.

Республикалык мелдештерде 7 жолу облустун намысын коргогон.

«Чыгармачылык жолум мектептеги сынактардан жана иш-чаралардан башталган. Кабатырландым, сахнада коркуу сезимдери болду. Бул коркуу жана толкундоо азыр да бар. Бирок учурда мурункуга салыштырмалуу бир топ жеңил. Сыналгыдан биринчи жолу чыкканым эсимде. Анда эжем таап берген ырды көркөм айтып бергем.

Мага кызыл түстөгү оймо-чиймелүү сары костюм алып келишти, мага анын шляпасы жакты. Анан чоң залда башка кыздар менен чогуу туруп, кыргыз тилибиздин канчалык маанилүү экенин айттык. Ошондо өзүмдү сыналгыдан көрүп сүйүнүп, абдан сыймыктанды. Менин ырым кыргыз тили жөнүндө болчу. Ошондон кийин ар кимди ата-энесин кыргызча “ата”, “апа” деп чакырганга мажбур кылганым эсимде. Мага көбүнчө англис тилиндеги ырлар жагат, анткени тандоо көбүрөөк жана мүмкүнчүлүктөрүңдү ачып бере аласың. Быйыл гитара менен ырдоо үчүн аны өздөштүрүп алууну пландап жатам», — деп сөзүн жыйынтыктады жаш талант.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE