Пример HTML-страницы

Караколдо объектилерге жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге жалпы 53 миң сом айып пул салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында объектилерди жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди текшерүү уланууда.

Каракол райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан 3-кварталга түзүлгөн текшерүү планынын негизинде иш жүргүзүлүүдө.

Өткөн мезгилдин ичинде коомдук тамактануу объектилери, соода, май куюучу станциялар, мебель цехтери, медициналык пункттар жана башкалар текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык нормаларды жана эрежелерди бузуу фактылары аныкталган.

Мисалы, май куюучу жайлардын, эмерек цехтеринин, техникалык тейлөө станциялары медициналык-санитардык кароодон өткөрүлбөйт.

Коомдук тамактануу жана соода объектилеринде бардык кызматкерлер профилактикалык медициналык кароодон өтүп, «Динара» кафеси, нан жасоочу цех, «Ак-Жалга», «Абай» дүкөндөрү атайын кийин менен камсыз кылынган эмес. Медициналык клиникаларда, «Глория Дент» кеңсеси, «Ден соолук» лабораториясы 2012-жылдын 12-январындагы №32 токтомдун талаптарына жооп бербейт.

Белгиленген мыйзам бузуулардын негизинде 16 жерге айып пул салынып, жалпы суммасы 53 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE