Пример HTML-страницы

Караколдо үч депутат мандатын тапшырды. Себеби эмнеде?

Акыркы жанылыктар

TurmushБорбордук шайлоо комиссиясы Каракол шаардык кеңешинин 3 эл өкүлүнүн депутаттык ыйгарым укуктары токтогондугун билдирди. Ага эл өкүлдөрүнүн өз каалоосу менен жазган арызы себеп болгон.

Анда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары — Сакимбаев Ринат Сарайбекович, Керимкулова Бактыгүл Бердибековна жана Мамбеталиев Бердибек Кубатбекович мандатын тапшырган.

Turmush басылмасынын кабарчысы кызматтан кеткен эл өкүлдөрүнө кайрылып, кызматтан кетүүнүн себебин сурап көрдү.

Бактыгүл Керимкулова эки жылдык мөөнөттө шайлоочуларына берген убадаларын аткара алганын, партиялык тизмедеги калган партиялаштарына жол бошотконун маалымдады.

«Эки жылда депутаттык корпус менен жакшы иштерди алып бара алдык. Биздин аймактагы тротуар маселесин тыкыр көзөмөлгө алам дегем. Тротуарлардын салынышын демилгеледик, көчө жарыктандыргычтардын коюлушун ишке ашыра алдык. Ошондой эле шаар тургундары кайрылган бардык маселелер боюнча иш алып бардык. Анын ичинде ирригация системасы, суу да бар. Анан тизмеде көп тилектештер болгондуктан алар да берген убадасын аткарууга мүмкүнчүлүк болсун деп, орун бошотуп бердик», — дейт ал.

Бердибек Мамбеталиев 2 жылда аткарган иштерин айтып, ал дагы кийинки тизмедеги талапкерлерге орун бошотконун кабарлады.

«Эки жыл депутат болдук. Бул аралыкта тургундардын мүдөөлөрүн чечүүгө аракет жасадык. Айтсак, А.Масалиев көчөсүнүн жарыктандыруусун оңдоп-түзөө боюнча иштерди алып бардык. Ошол эле көчөсүнүн башы Каракол шаарында болуп, бирок санариптик теле берүүлөр тартчу эмес. Андыктан тургундар кайрылып келишчү. Ошол маселени чечүүгө жардам берип, АТР койдуруп, Каракол токой чарбасынын тургундары, шаардын тургундары да санарип көрүп калышты. Винзавод аймагына жашаган тургундар үчүн жарыктандыргычтар коюлуп, көчөлөрдү түртүрүп иш алып бардык. Таза суусун Кашка-Суу суусуна коштуруп бердик.

Бизден кийин тизмеде (партиялык) турган партиялаштардын да шаар үчүн жасай турган иштери, тилектери бар. Андыктан аларга да иштөөгө мүмкүнчүлүк берип көрдүк. Команда бир болсо, тилек бир болсо, депутат болбой туруп деле шаар үчүн иштеп, пландарды аткара берсең болот экен. Депутат болбой калсак деле шаар үчүн кызматыбызды көрсөтө беребиз», — деди ал.

Ал эми Ринат Сакимбаев депутаттык убакытта шаар үчүн көп иштерди жасай алганын, мындай чечимге өз каалоосу менен барганын жана эч ким мажбурлабаганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE