Пример HTML-страницы

Каракол шаарында таза суу наркы 50 пайызга жогорулады

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 4-сентябрь күнү Каракол шаардык кеңешинин 30-сессиясы өттүдө, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анда күн тартибинде 16 негизги маселе жана кошумча маселелер каралууда. Сессияда сууну пайдалануу жана саркынды сууларды кабыл алуу үчүн тарифтерди көтөрүү маселеси каралды.

Анда маалым болгондой, таза сууну пайдалануу акысы:

Калк үчүн 1 куб суу мурда 5 сом 86 тыйын болсо, жаңы тариф менен 8 сом 79 тыйын болот. Ал эми коммерциялык жана мекеме-ишканалар мурда 1 куб сууга 19 сом 46 тыйын төлөп келсе, жаңы тариф менен 29 сом 19 тыйын болот.

Саркынды сууларды кабыл алуу боюнча, мурда 2 сом 94 тыйын болсо, 4 сом 41 тыйын болот. Коммерциялык объектилер жана мекеме-ишканалар 15 сом 86 тыйын төлөсө, эми 23 сом 79 тыйын төлөйт.

Каракол шаардык «Суу түтүк» ишканасынын жетекчиси Жеңиш Өмүргалиев эл өкүлдөрүнө сууну көтөрүү аргасыз кадам болуп жатканын, суу баасы өз наркын актабай жатканын айтып, калаадагы АБР жана ЕБР долбоорлору боюнча жасалып жаткан иштерди айтып берди.

Каракол шаарынын вице-мэри Нуржигит Турсунбеков сууну баасы көтөрүлбөсө, ишканада болуп жаткан кыйынчылыктар, айлык маяналардын аздыгы боюнча токтолду. Ошондой эле буга чейин бааларды жогорулатуу боюнча коомдук угуулар болгонун айтып өттү.

Жыйынтыгында суунун наркы 10-сентябрдан тарта 50 пайызга жогорулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE