Пример HTML-страницы

Кара-Суудагы тургун 4,5 млн сом зыянга учураган. Шектүү колго түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 4-мартында Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Чоң-Алай районунун тургуну — 1999-жылы туулган Г.А. арыз менен кайрылган. Анда С. аттуу жаран анын ишеничине кирип, ага таандык болгон «Volvo FH» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын, «General Trailers TX» үлгүсүндөгү чиркегичин алдоо жолу менен алып кеткенин билдирген.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө аракеттери башталган.

Иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну С.уулу Б. аталган жүк ташуучу автоунааны сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалып, камакка алынды.

Жабырлануучуга келтирилген зыян болжол менен 4 490 000 сомду түзөт.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө аракеттери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE