Пример HTML-страницы

Кара-Сууда унаа сүзүп кеткен аял ооруканага түшкөн. Изин жашырган айдоочу кармалды

TurmushОш облусунун Кара-Суу районунда 43 жаштагы аялды унаа менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды.

Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсык 23-март күнү саат 11:40 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон. Белгисиз үлгүдөгү унаа жолдон өтүп бара жаткан жөө жүрүүчү — Кара-Суу шаарынын 1980-жылы туулган тургуну О.В.ны сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырган. Анын кесепетинен жөө жүрүүчү денесинен жаракат алып, Кара-Суу райондук ооруканасына жеткирилген.

Көрүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында жол кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу — Кара-Суу районунун 1958-жылы туулган тургуну С.А. «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2023-жылдын 27-март күнү Кара-Суу районунун аймагынан Кара-Суу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн издөө боюнча инспектору Каныбек Аккаров жана Ош ОИИБдин кызматкери Нурсултан Садиридин уулу тарабынан кармалды. Айдоочу Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, автоунаа убактылуу айып короого токтотулду.

Бул жол кырсык Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экпертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE