Пример HTML-страницы

Кара-Сууда сессиядагы окуядан кийин депутат ооруканага түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу шаардык кеңешинин депутаты менен төрагасынын жаңжалынан кийин депутат оорукана түштү. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя ушул жылдын 15-апрель күнү саат 15:00 чамасында Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында болгон. Төрага депутатты ур-токмокко алган.

Бул окуя боюнча сабалды делген депутат Рустам Хатамов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок өзүн аталган депутаттын жактоочусу катары тааныштырган Нилуфар Юсупжанова маалыматты тастыктап, Рустам Хатамов учурда Кара-Суу райондук аймактык ооруканасында дарыланып жатканын билдирди.

«Мен Рустам Хатамовдун жактоочусумун. Окуя ушул жылдын 15-апрель күнү болгон. Рустам Хатамов бир маселени көтөрүп, айтып жактанда төрага «оозуңу жап» деп кыйкырган. Андан кийин сабаган. Азыр Хатамов ооруканада дарыланууда», — деди Юсупжанова.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аталган окуя маалыматтардын электрондук журналына денеге зыян келтирүү фактысы менен катталды.

«Х.Р. аттуу жаран 15-апрель күнү Н.А. аттуу жаран уруп, денесине зыян келтиргендиги боюнча арызданган», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы Абдырахман Назаров депутатты урбаганын, сөз талашып, жакалашып кетишкенин билдирди.

«Жыйында аны урган эмесмин. Аны менен жакалашып гана кеткенбиз. Анын уулу 2021-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь, февраль айына чейин документти алып кетип калыптыр. Хатамов ошол кезде Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы, уулу «Кара-Суу-Тазалыктын» башчысы болуп турган. Ошол кезде ит атуу үчүн мэриядан 200 миң сом акча сураптыр. Хатманов мурун «Кара-Суу-Тазалыктын» акционери болчу, 49 пайыз акциясы бар эле. Мэрия ал ишканага 9 миллион 100 миң сом акча бөлүп берген. Сессияга уулу келбей калыптыр. Мен «эмнеге баласы документти алып кетип калат, мыйзамдуулукка жатабы?» десем, атасы чычалады. «Мен суроону сизге берген жокмун» десем, катуу кыйкырып жиберди. «Кимге кыйкырып жатасыз? деп ал жерде болгону жакалашып гана кеткенбиз. Башка сөз болгон эмес. Менден сырткары башка депутаттар бар болчу. Бул окуя боюнча тергөөчүгө кирип, көрсөтмө бердим. Көзү көгөрүп калыптыр деп уктум, сабаган эмесмин», — деди ал.

  • Хатамов Рустам Хакимжанович жана Назаров Абдырахман Османалиевич «Биздин Кыргызстан» партиясынан депутат болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE