Пример HTML-страницы

Кара-Сууда үй менен унаа өрттөнүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында ири өрт чыгып, турак үй, унаа жана тиричилик буюмдары толугу менен күйүп кетти. Бул маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

Кечээ, 3-сентябрь күнү Козубаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 2:02де Кара-Суу райондук №102 өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Кошумча саат 2:30дан тарта штаб жана 4 күжүрмөн эсеп, тактап айтканда 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 2:59да чектөөгө алынып, саат 08:38де толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Натыйжада жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн 1,5 кабаттуу турак үйдун чатыры, үй буюмдары, 2012-жылы чыгарылган «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөнүп кеткен.

Ал эми жергиликтүү бийликтин өкүлү окуя Нариман айылына караштуу тарапта болгонун, болжолдуу себеби жүгөрү талаадан өрт чыгып, үйгө туташып кеткенин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE