Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө сасык тумоого чалдыккандардын саны азайды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында үшүк алып, тоңуп ооруканага кайрылган бейтаптар жок. Бул тууралуу Б.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылдын декабрь айынын биринчи 15 күнүндө шаарда сасык тумоо менен ооруган жаш балдардын саны көптүгүнөн бала бакчаларда карантин жарыяланып, мектептер онлайн окутууга өткөн. Бүгүнкү күндө курч респиратордук вирустук ооруга чалдыккандардын саны азайып, жалпы абал турукташты. Бүгүнкү күндө шаардык оорукананын балдар бөлүмүндө 3 бейтап дарыланууда.

Ал эми шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн маалыматы боюнча, шаардагы эпидемиологиялык абал туруктуу. 2023-жылдын 1-январынан ушул күнгө чейин курч респиратордук вирустук ооруга чалдыккан 39 адам катталды. Алардын арасында бала бакчага барган 4 бала, үйдө тарбияланган 7 бала жана 9 окуучу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE