Пример HTML-страницы

Кара-Балтадагы тургундар кышты узатып, жазды тосуп алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 16-мартта Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы тургундар кышты узатып, жазды тосуп алышты.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Ленин атындагы маданият үйүнүн аянтында Масленица майрамы белгиленди. Масленица бир жумага созулуп, майрамдык иш-чара менен жыйынтыкталды.

Аянтта жармаңке уюштурулуп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлду. Тургундарды Владимир Белкиндин жетекчилигиндеги «Казачья песня» элдик ансамбли куттуктады.

Иш-чарада алдын ала даярдалган кыштын кеби (чучела) өрттөлдү. Майрамдык иш-чарага келгендердин айтымында, бул кеп Кыргызстандагы эң чоң кеп болду. Анын бийиктиги 6 метрге жетет. Ал эми колу 3 метр болсо, салмагы 200 килограммдан ашат. Аны даярдоого 10 түк саман жана 20 метр кездеме керектелди. Кепти өрттөө кыш, суук менен коштошуу дегенди түшүндүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE