Пример HTML-страницы

Кара-Балтада «Алтын тамга» жана «алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөргө «iPhone 15» жана 50 000 сом берилет

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында «Алтын тамга» жана «алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөргө «iPhone 15» үлгүсүндөгү смартфондор жана акчалай сыйлыктар берилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаар мэри Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарындагы мектептердин директорлору жана 11-класстын окуучулары менен жолугушту.

Жыйынга вице-мэр Рыскулбек уулу Нурмат, мэриянын аппарат жетекчиси Нурбек Шабданалиев, облустук коомдук уюмдун жетекчиси Талантбек Арыков жана башкалар катышты.

Мирлан Жекшеновдун айтымында, окуу жылынын аягында «алтын сертификат» алган бүтүрүүчүлөр «iPhone 15» үлгүсүндөгү смартфондор, ал эми «Алтын тамга» алгандар 50 000 сом менен сыйланат. Эгер бүтүрүүчү дароо «Алтын тамга» жана «алтын сертификат» алса, дагы 20 000 сом өлчөмүндө сыйлыкка ээ болот.

«Бул сыйлыктар бүтүрүүчүлөргө дем берүү жана мектептерде билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын жогорулатууга багытталган. Бул окууда жакшы жыйынтыктарга жетүү үчүн мотивация болуп, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жана мектеп жетекчилигинин кызыгуусун арттырат деп ишенем», — деди Мирлан Жекшенов.

Шаар мэри алдыдагы сынактарга даярдык көрүү үчүн атайын шарт түзүү керектигин айтып, бул боюнча орун басары Рыскулбек уулу Нурматка тапшырма берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE