Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарында көп кабаттуу эки үйдүн чатыры жаңыртылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарындагы П.Тольятти көчөсүндөгү көп кабаттуу эки үйдүн чатыры толугу менен жаңыртылып жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары бир нече жылдан бери чатырдан суу агып жатканын айтып, шаар мэриясына кайрылуу жиберишкен.

2022-жылы шаар мэри Мирлан Жекшенов П.Тольятти көчөсүндөгү № 3, 5 жана 7 көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары менен жолугуп, аталган көйгөйдү чечүүнү убада кылган.

2023-жылдын август айынан баштап демөөрчүлөр менен эки тараптуу сүйлөшүүнүн натыйжасында көп кабаттуу эки үйдүн чатыры толук жабылууда.

Көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары кошумча акча чогултуп, майда шаймандарын алып беришкен.

Учурда шаар мэриясы тарабынан үчүнчү көп кабаттуу үйдүн чатырын жабууга демөөрчү изделүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE