Пример HTML-страницы

Калың карга чөмүлгөн Баетовдун көчөлөрү. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын көчөлөрү кардан тазаланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

3 күндөн бери үзгүлтүксүз жааган кардан улам жергиликтүү тургундар көчөлөрдө баса албай, окуучулар мектепке жете албай, унаалар жүрө албай калган абалга келген.

Баетов айыл өкмөт башчысынын орун басары Улан Шерипбек уулу: «Көчөлөрдө унаалар жүргүдөй, жөө адамдар баса алгыдай шартта көчөлөрдү кардан тазалоо аракетин көрдүк. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен техникалардын күйүүчү майы үчүн каражат бөлүнүп, эки техника иш алып барды».

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE