Пример HTML-страницы

Кадамжайлык үй-бүлө 12 жыл курган эки кабаттуу үйүнөн бир заматта ажырап калды

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кызыл-Булак айылынын тургундары — Таштемировдордун турак үйү толугу менен өрттөнүп кетип, эки кабаттуу тамы күлгө айланган. Учурда үй-бүлө мүчөлөрү колу-коңшу, тууган-туушкандын үйүндө күн кечиришүүдө. Ал эми чоң апа — Ырысбүбү Таштемирова кырсыктан соң, ден соолугу начарлап, учурда ооруканада.

Турак үйдүн курулушу 2008-жылдан бери эми гана бүтүп, ал үчүн үй ээси чет жактарда да иштеп келгенин айтат. Үйдүн курулушуна 4-5 млн сом сарпталган.

«Үйүбүз эки кабат, 9 бөлмөлүү эле. Кашык да калбай, күл болду. Кырсык экен. Үйдүн пайдубалын 2008-жылы курсам, эки-үч жыл мурун акыркы куруу иштерин аяктадык эле. Камсыздандыруудан өткөн экен, бирок мөөнөтү өтүп кетиптир. Азырынча баш паанек жок, убактылуу сөрүдө (тапчан) жашап жатабыз. Туугандардын үйүндө туруп жатабыз. Мен үйдө колдогу баламын. Ата-энем менен турам. Аялым, балдарым бар», — дейт үй ээси Жоомарт Таштемиров

14-июлда саат 12.00 чамасында катталган. Өрт электр зымынан чыгуусу мүмкүн деген божомол бар. Кырсык учурунда турак жайда эч ким болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE