Пример HTML-страницы

Кадамжайда мектепке кеткен боюнча жолгон 2 кыз табылды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 31-январь күнү Кадамжай районунун Айрыбаз айыл өкмөтүнүн Көк-Талаа айылында жоголгон 2 окуучу кыз аман-эсен табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, алар Кызыл-Кыя шаарынан табылды. Кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында 2 кыз дайынсыз жоголгону кабарланган.

Маалыматка караганда, айылдагы Саттаров мектебинин 10-классынын окуучусу Күмүшай Сражидинова менен 9-класстын окуучусу Нуржана Турдалиева 31-январь күнү мектепке чыгып кетишип, кайра үйгө келген эмес. Алар ошол күнү мектепке да барган эмес.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты тастыктап, бул иш Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, издөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Жоголгон кыздардын ата-энесинен арыз 31-январь күнү түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE