Пример HTML-страницы

Кадамжайда дары чачса өлбөгөн зыянкечтер пайда болду (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл аймагында белгисиз зыяндуу курттар пайда болуп, дыйкандардын айдап-сепкен эгиндерин жеп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Аталган айылдын жашоочулары буга чейин эгин талаада мындай курттар жок болгонун айтышууда. Акыркы бир жыл ичинде болуп көрбөгөндөй көбөйүп, бак-дарактардын жалбырактарын кырып, эгиндерди жеп жатат. Мындайда дыйкандар эгиндерден түшүм албай калуу коркунучу жогору дешүүдө.

Марказ айыл өкмөтүндөгү Көк-Талаа айылынын тургуну Нургазы Мадаминовдун айтымында, дыйкандар өз алдынча зыяндуу курт-кумурскаларды химиялык жол менен жок кылуу иштери жүрүүдө, бирок ал дарылар курттарга таасир этпей жатат.

«Бул курттардын эгин-тигинге зыяны бар экен. Айылдагы тааныш дыйкандардын таалага эккен беде, чөп, жашылча жер-жемиштин барын жеп жатыптыр. Курт-кумурскага каршы дары чачышкан экен, таасирин бербей, курттар өлбөптүр. Багбандардын бактарындагы мөмөлөрүн, жалбырактарын жеп жатыптыр. Мындай учурда дыйкандар айдаган эгиндеринен түшүм албай калышы мүмкүн. Ошол жагы кооптуу болуп жатат», — деди Н.Мадаминов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE