Пример HTML-страницы

Ички иштер министринин орун басары Жалал-Абадда болду

Акыркы жанылыктар

TurmushИчки иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Баткенде кызмат өтөп жаткан Жалал-Абад ОИИБдин жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кызматы билдирди.

Министрдин орун басарын Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Ашим Тагаев тосуп алып, күжүрмөн топтун жашоо-шарты менен тааныштырды.

Октябрь Урмамбетов кызматкерлерге ар дайым ысык тамак-аш берилиши керектигин белгилеп, жашаган жеринин ички жана сырткы тазалыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ашкана ичинде идиш-аяктарды туура пайдалануу, ысырапкерчиликке жол бербөө зарылдыгын айтты. Ооруган кызматкерлерге медициналык жардам көрсөтүү, кайгулдоо багыттарына чыгарда нускамаларды өткөрүүнү белгиледи. Жергиликтүү тургундар арасында провакациялык маалыматтардын тароосунун алдын алуу, элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Өз кезегинде Жалал-Абад ОИИБдин жетекчиси Ашим Тагаев кызматкерлердин баары күжүрмөн экендигин, мекен үчүн өздөрүнө белгиленген кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып жатышкандыгын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE