Пример HTML-страницы

Германиялык Мая видеолору аркылуу туристтерди Жалал-Абадга тартууда

Акыркы жанылыктар

TurmushГерманиянын Берлин шаарынын 36 жаштагы тургуну Мая Фадееванын кыргыз тилинде аткарган ырлары социадык тармактарда алкоого алынып, бир катар жакшы пикирлер айтылып келет. Бир нече эл аралык сынактардын лауреаты менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Россиянын Санкт-Петербург шаарында туулгам. 3 жашка чыкканда, ата-энем менен бирге АКШнын Нью-Йорк шаарына көчүп бардым. Ал жакта жалпы 5 жыл жашадык. Андан кийин атам Америкада калып, мен апам менен Германияга кеттим. Ал жакта мектепти аяктап, консерваторияга (джаз вокал) тапшырып, учурда ырчы болуп иштеп жатам. 2016-жылдан бери Кыргызстанга жылына бир же эки жолу келип кетем. Себеби бул жакта менин атам жашайт.

Атам Фадеев Владимир Петрович кесиби боюнча музыка мугалими. Ал өзү Жалал-Абад шаарында туулуп, турмуш шартка байланыштуу чет жерде иштеп, жашап жүрдү. 2012-жылы кайрадан өзү туулуп-өскөн Жалал-Абад шаарына келип, музыкалык мектепте иштеп келе жатат. Мен да атам отурукташкан жерге келип, эс алуу менен бирге атамдан кабар алып турам. Кыргызстан, Германия жана Россияда үйлөрүм бар», — дейт ал.

Каарманыбыз Кыргызстанга жасаган сапарында, сөзсүз түрдө өлкөнүн кооз аймактарына барып ырдап, видео тартып, аны Германиядагы кесиптештери жана досторуна жөнөтүп, туристтерди тартууда аз да болсо салым кошуп келет.

«2016-жылы келгенимде, атам иштеген мектептеги кесиптештери жана окуучулар менен бирге кыргыз тилинде “Ай, ай эжеке” деген ырды аткарып чыккам. Бул ырдын тексттин жазып алып, 2 аптада жаттагам. Андан кийин социалдык тармакка видео жарыялаганда, мени мактап, суктангандар көп болду. Анан Германияга кайтып жатканымда, электрондук почтама кат жөнөтүп, мени эфирге чакырган журналисттер көп болгондуктан кайра Кыргызстанга келип кеткем.

Бул жакта абдан таланттуу окуучулар көп. Аларга колдоо көрсөтүп койсо, абдан талантуу ырчылар чыгат. Быйылкы сапарымда Сары-Челек, Падыша-Ата сыяктуу жаратылышы кооз жерлерге барып, атам менен бирге ырдап, видеого тарттым. Буюрса жакын арада тарткан видеолорду социалдык тармакка жарыялайм деп турам.

Кыргызстандын жаратылышы кооз, мен ага абдан суктанам. Кээде бул жерди Швейцарияга окшотом. Бирок мага жакпаган жери, тургундар көрүнгөн жерге таштанды таштап, айлана-чөйрөнү булгашат. Ошондуктан ар бир жаранды тазалыкты сактоого чакырат элем», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE