Пример HTML-страницы

Фортепианодо кол ойноткон Акима Абылкасымова

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун 12 жаштагы тургуну Акима Абылкасымова фортепиано чертет. Андан сырткары бий ийримине барат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жаш талант райондогу Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинде 6-класста окуйт.

«Ат-Башы районундагы Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде дагы билим алам. Бийге 5 жылдан бери катышам. Фортепиано үйрөнүүгө 4 жылдан бери келип жүрөм. 4-класска чейин хорго баргам. Мектепте жалаң «5» деген баага окуйм. Кароо-сынактарга барып турабыз. 3 жыл мурун бий боюнча Ысык-Көлгө барып, командабыз менен 3-орунду алганбыз. Райондо, Нарын шаарында болгон концерттерде бийлеп жүрөбүз. Өткөндө эле “Достук шаңы” деген кароо-сынакка барып, кыргыз жана орус бийлерин аткарып, 3-орунду алып келдик.

Келечекте дарыгер болгум келет. Кичинекей кезимден баштап ушул максат менен келе жатам. Биздин өлкө кичинекей, бирок кооз. Келечекте билимдүү адамар көбөйөт деп ишенем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE