Пример HTML-страницы

Энергетиктердин шаарындагы 20 жылга созулган курулуш. Мектептин имаратынын чатыры жабылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы мектептин кошумча имаратынын курулушу жанданды. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алымкан Мырзалиева билдирди.

Анын айтымында, №4 Шопоков атындагы жалпы билим берүү мектебинин кошумча имаратынын курулушу 20 жылга созулуп, курулушу аягына чыкпай турган. 2023-жылдын январь айынан баштап куруу иштери жанданып, чатыры жабылып, терезелери орнотулду.

Курулуш үчүн 136 000 000 миллион сомго тендер жарыяланып, «Рамазан» жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Учурда 16 400 000 сом акча каражаты бөлүнүп, иш жүрүүдө.

«Аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда. Курулуш иштери 2024-жылдын сентябрь айында аяктап, имарат пайдаланууга берилет деп пландалууда. Бул кошумча корпуста спорт зал, ашкана, административдик корпус жана окуу бөлмөлөрү жайгашкан», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE