Пример HTML-страницы

Ак-Суунун Жолголот айылында жаңы ФАП жана бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жолголот айылында фельдшердик-акушердик пункт жана бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Улан Далиев, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Жолголот айылында жалпы 2873 адам жашайт. ФАП жана бала бакча элеттиктердин негизги көйгөйү болуп келген. Анткени 1976-жылы курулган эмкана авариялык абалда. 2022-жылдын жаз айында коомдук фонддордун демөөрчүлүгү менен 3,8 млн сомго жаңы курулду.

1990-жылы бала бакчанын 2 кабаттуу имараты курулуп бүтпөй калган. 2008-жылы спорт зал жана компьютердик класс ачылган. Айыл элинин өтүнүчү менен имарат реконструкцияланып, 120 балага ылайыкташкан бала бакча болуп пайдаланууга берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE