Пример HTML-страницы

Эки балалуу келинге өз батиринде кол салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районунда мурунку күйөөсү тарабынан бычактан жабыркаган аял Бишкек шаарындагы ооруканага которулду. Бул тууралуу Сокулук райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунан билдиришти.

«Бизге бул келинди эртең менен алып келишкен. Биз дароо эле биринчи жардам көрсөттүк. Андан соң тез жардам менен Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө котордук», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги бычактан оор жаракат алып ооруканага түшкөн келин 20-сентябрда саат 11:00дө Улуттук госпиталга которулганын, анын бети жана моюну кесилгенин билдирди.

«Саат 11:30да хирургдар жана микрохирургдар бейтапка операция жасап башташкан. Учурда операция уланууда. Дарыгерлер жабырлануучунун органдарын сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Келиндин айылдаштары кол салган адам анын мурунку күйөөсү болгонун билдиришти.

«Селекция айылында жаңы курулган көп кабаттуу үйлөр бар. Ошолордун биринде аталган келин эки баласы менен жашайт. Бүгүн, 20-сентябрда саат 07:00 чамасында мурунку күйөөсү анын моюнун, бетин кескилеп, араң жан кылып коюптур. Азыр жабырлануучу жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат деп уктук», — деди жабырлануучунун айылдаштары.

Буга чейин Сокулук районундагы Селекция айылында жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирде жасалган зордук-зомбулукка шектүү адам (39 жашта) кармалганы маалымдалган.

Алгач бул окуя тууралуу социалдык түйүндөргө маалымат тарап, жабырлануучуга милиция кызматкерлери өз учурунда жардам көрсөтпөгөнү айтылган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта окуя тууралуу билдирүү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө бүгүн, 20-сентябрда түшкөнү айтылат.

Бычактан 36 жаштагы Н.А. аттуу келин оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (денеге оор залал келтирүү) менен катталып, жабырлануучунун күйөөсү Э.А. убактылуу камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE