Пример HTML-страницы

Эки адамдын жанында 2-кабаттан боюн таштаган өспүрүм кыз. Ош шаарындагы мейманканада орун алган окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку соттун соттук коллегиясы Ош шаарындагы мейманканада орун алган кылмыш иши боюнча келтирилген кассациялык даттанууларды карап чыгып, 2023-жылдын 20-декабрында өкүм кабыл алган.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Эрназар (аты өзгөртүлдү, М.Э.У) 2023-жылдын 13-майында саат 23:00 чамасында таанышы, жашы жете элек Тахминаны (аты өзгөртүлдү, Т.Ж.З.) телефон аркылуу чакырып, мейманканалардын бирине алып барган. Ал жерден жабырлануучуну «башка балдар менен сүрөткө түшүп жүрүптүрсүң» деп тилдеп, бетке урган. Андан соң «азыр сени өлтүрөм» деп коркутуп жатканда, бөлмөгө У.у.Р. аттуу жаран кирип келген. Ал Эрназардын аракеттерин чектеп, аны жабырлануучудан ажыратууга аракет кылган. Ошол маалда Эрназардан корккон Тахмина жаралган абалдан пайдаланып, өзүн-өзү өлтүрүү максатында терезеден (2-кабат) секирип кеткен.

Жабырлануучуга дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, анын жаракаты ден соолукка анча оор эмес жаракаттардын түрүнө кире тургандыгы көрсөтүлгөн.

Эрназар Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 14-июлундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 2-бөлүгү (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү, Күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата, же балага карата жасалган ошол эле жосундар, ага тете эле телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалганда) боюнча күнөөлүү деп табылып, 7 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 78-беренесинин (өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде райондук соттун өкүмү (мурдагы кылмыш иши боюнча) менен белгиленген жазасы жарым-жартылай кошулуп, биротоло 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 80-беренесинин талабына ылайык, анын камакта кармоонун бир күнү эркиндигинен ажыратуунун бир күнүнө барабар деп эсептелген.

Жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү көрсөтүлгөн.

Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы өкүмү менен аталган өкүм өзгөртүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.

Эрназардын жактоочусу Б.Ж., жабырлануучу Тахмина жана анын мыйзамдуу өкүлү Ж.Ж. кассациялык даттануу келтирип, апелляциялык инстанциядагы соттордун өкүмдөрүн жокко чыгарып, анын аракеттерин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 56-беренеси менен жиктеп, анын негизинде 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом) өлчөмүндө айып пул салып, Эрназарды камактан бошотуп берүүнү сурашкан.

Жыйынтыгында Жогорку соттун соттук коллегиясы Ош шаардык сотунун 2023-жылдын 14-июлундагы жана Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2023-жылдын 12-сентябрындагы өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Жактоочу Б.Ж., жабырлануучу Тахмина жана анын мыйзамдуу өкүлү Ж.Ж.нын кассациялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE