Пример HTML-страницы

Депутат аравандыктар айткан сынга жооп берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 13-майда Ош облусунун Араван районундагы жашоочулар менен Жогорку Кеңештин депутаттары жолугушуп жатат, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Жолугушууга депутаттар Өмүрбек Бакиров, Жалилидин Нурбаев, Арслан Малиев, Нурлан Ражабалиев, Аманкан Кенжебаев катышууда. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү райондогу сугат суу, айыл чарба багытындагы иштер тууралуу айтып беришти.

Депутат Жалалидин Нурбаев буга чейин ал тууралуу айтылган сөздөргө жооп берди. Маңгыт айылынын тургуну Аравандагы 300 гектар жер маселесин көтөрдү. Ошондой эле бир катар жергиликтүү тургундар Аравандагы сатылып кеткен жайыттарды эл пайдаланышы керектигин айтып, кайтарып берүүнү суранышты.

«Пенсия, айлыгыбыздан болсо да ошол инвесторлор төлөгөн акчаны биз төлөйлү. Сиздер пайда көрүп жатасыздар, бирок биз жайыттан кыйналуудабыз. Жерди сатпаңыздар. Түшүмдүүлүгү жок, бирок ал жерден малга тоют даярдайбыз», — деди тургундардын бири.

Жалалидин Нурбаевдин айтымында, 2021-жылы январь айында Кыргызстандын жараны кайрылган.

«Ал «1 гектарына 5 адам иштеп, айына 1000 доллардан айлык алат» дегендиктен миграцияны токтотуу, кошумча салык түшүрүү максатында жерди бергенбиз. Жерди суу алып келүү үчүн казышты. Ал жерге дары чөптөн башка бадам, мисте эгилет. Инвестор суу чыгарып берет. Башка айыл өкмөттөр менен келишим бар, бирок эч нерсе эгилген эмес. Иш менен камсыз болуп, айыл өкмөттөрдүн кирешесин көтөрүп жатышат. Акча болсо, чөптү башка жактан алып келсеңиздер болот. Мамлекеттен 1 сом акча кетпейт, инвестор бала-чакаңыздар менен кошо багат. Дары чөп эккени жатышат, анын зыяны жок. Кыргызстанда да 3-4 түрү бар. Өпкө, рак ооруларына дары болот. Маңгытка ушул чөптү иштетүүчү завод ачылат. Төккөн салыгы өлкөдөгу эң жогорку салык болот. Заводдо силердин балдарыңар иштейт. Эмнеге 3-4 мал үчүн биз ушунча кирешеден баш тартышыбыз керек?», — деди Нурбаев.

  • 2014-жылдан баштап 2021-жылга чейин Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүн Нурбаев Жалолидин Паязидинович жетектеген.

  • Ал 2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №6 Араван шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

Буга чейин Turmush басылмасы 21-апрель күнү президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаникулов Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз сатылып кеткен жер тилкелери боюнча текшерүүгө барганын жазган. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Акрам Өктамов боюнча бир катар нааразычылыктар айтылган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун Араван районунун эли менен жолугушуусунда жашоочулар Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү мыйзамсыз сатылган жер тилкелери боюнча маселе көтөргөн.

Текшерүүдөн кийин Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Акрам Өктамов кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

28-апрелде өткөн коллегиялык жыйында Зиядин Жамалдинов Араван районунун Алля Анаров, С.Юсупова, Нур-Абад, Тепе-Коргон айыл өкмөттөрүндө жерлер афганистандык инвесторго берилгенин айткан.

«Ижарага берилген жерлер боюнча кабарыңар барбы? Түзүлгөн келишимдеги 150 миң сомдук салык, 210 миң сом соцпакет да төлөнгөн эмес. Эмне үчүн көзөмөлгө алган эмессиңер? Араван районунан белгисиз инвесторго 1000 гектар жер берилип жатат, эч кимдин кабары жок. Көзөмөлгө алгыла», — деген З.Жамалдинов.

Ошондой эле Жамалдинов орун басары Данияр Жаникуловго кайрылып, маалымат каттарды даярдашы керектигин айтып, тиешелүү органдар юридикалык баа берерин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE