Пример HTML-страницы

Дайынсыз болуп жаткан Д.Анарбековдун апасы Чек ара кызматы тараткан билдирүү боюнча үн катты

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн 21 жаштагы тургуну — аскер кызматкери Дастан Анарбеков дагы деле табылбай жатканын аймактык кабарчыга апасы Сауле Иманалиева билдирди.

  • Анарбеков Дастан Алмазович 17 жашында К.Үсөнбеков атындагы Аскер институтуна тапшырган. Окууну быйыл аяктап, Баткен облусуна чек ара кызматына бөлүнүп, «Достук» чек ара заставасында кызмат өтөп жаткан. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда дайынсыз жоголгон.

«Атасы 20-сентябрда Баткенге заставага барганда гана издеп башташты. Атасы Кара-Бак айылына жеткенде «күтүп тургула» деп, жарым сааттын ичинде тоголок күйүктү көтөрүп келип, «ушул Дастан» дешиптир. Ал күйүктүн башы, колу, буту жок экен. Каяктагы бөлүктөрдү айтып жатышат. Менин түшүнүгүм жетпей жатат. Эми бул маалыматты байма-бай таратып жатышат.

12 күндөн бери ар кайсы эшикти тытмалап жүрөм. Бир реакция жок, бирөө дагы кабак-кашым деген жок. Акыры менден эптеп кутулуу үчүн бир адам «чек араданмын» деп телефон чалды. «Каяктасыз? Сиз менен жолугайын дегем» деди. «Автобекеттемин» десем, келди. Анан УКМКга барат экенбиз десем, үйгө жеткирип койду. Жолдон мени жаш баладай алдап, «силердин балаңар» деп, далилдөөгө аракет жасады. «Өлүкканадан көрдүм, буту бар экен» дейт. Бул кимди көрдү? Же туугандарга башканы көрсөткөнбү? Анан бул кишиге 3 бала уулумду мектептен көрдүк деп, көрсөтмө беришкенин айтты. Мен да сураштыргам. Алар башкача айтып жатышпайбы. Дал келбей жатат. Ошентип мени жеткирип койду», — деп билдирди апасы.

Буга чейин Чек ара кызматы 14-сентябрдан 17-сентябрга чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуудан кийин жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө каза болгон аскер кызматкеринин денесинин бөлүктөрү табылганын билдирген.

«Тилекке каршы, дароо маркумдун өздүгүн аныктоого мүмкүн болгон жок. Анткени дененин 90 пайыздан ашыгы зыянга учураган. Соттук-медициналык экспертиза маркум дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбеков болушу мүмкүн экенин аныктады», — деп айтылат маалыматта.

Дастан Анарбековдун жакындары соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул болбогондуктан, тиешелүү тергөө органдары маркумдун өздүгүн жана жакындары менен туугандык байланышын аныктоо максатында керектүү материалдарды даярдады. Генетикалык экспертиза Казакстандын лабораториясында жүргүзүлөт.

ДНК-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалымат маркумдун ата-энесине жана жакын туугандарына берилет.

«Генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иштери уланат», — деген Чек ара кызматы.

——————————————

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 63 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 206 адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

      • Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды. Абал 18-сентябрда гана турукташты. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE