Пример HTML-страницы

Чүйдөгү жолдо кагышкан 2 унаа талкаланды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 11-августта Жайыл районунун Полтавка айылында жол кырсык катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Маалыматка караганда, айдоочулар бири бири менен ойноп, жөөлөшүп келе жатышкан.

Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, кырсык болгонун тастыктап, окуя Ош—Бишкек жолунун 64- чакырымында болгонун билдиришти. Саат 16:10 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 64 чакырымында (Полтавка айылы) «ЗИЛ» үлгүсүндөгү 2 унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 1985-жылы туулган М.К. аттуу жүргүнчү жаракат алып, Жайыл аймактык ооруканасына кайрылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE