Пример HTML-страницы

Чүйдө 3 күндө мас абалда унаа башкарган 15 айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда рейд учурунда 50дөн ашык унаа айып короого киргизилди. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Курман айт майрамына карата жана жол кырсыктардын алдын алуу, болтурбоо максатында 27-28-29-июнь күндөрү «Рулда» аталышындагы профилактикалык рейддик иш-чара өттү. Рейддин жүрүшүндө унааны мас абалда башкарган 15 айдоочу кармалып, 50дөн ашык унаа айып короого токтотулду.

«Чүй ОИИБ боюнча ЖКККБнын жетекчилиги мас абалында унаа башкарган жарандар 1 жылга унаа башкаруу укугунан ажырай турганын эскертет», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE