Пример HTML-страницы

Чүйдө 20 куб суу аккан каналда 6 жаштагы бала изделип жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагындагы Тынчтык конушунда Чоӊ-Чүй каналынын жээгинде ойноп жатып, сууга агып кеткен 6 жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Окуя кечээ, 8-майда катталган.

«Өзү теңдүү балдар менен каналдын боюнда таш ыргытып ойноп жаткан экен. Ошол маалда кокустан каналга кулап, агып кетиптир. Бир бала артынан чуркаптыр. Канча бир жерге чейин агып, андан кийин сууга кирип кетиптир. Ошентип тиги бала үйүнө чуркап келип, ата-энесине айтыптыр. Ошондон бери эле издеп жатышат. Тынчтык конушунун тургундары издешүүдө.

Кечээ куткаруучулар кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө ишин убактылуу токтотуп, эртеӊ менен улантышарын айтышты. Ал эми айыл эли болсо, фонариктерди күйгүзүп алып издешти», — деди айыл тургундары.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, издөө иштерине 28 куткаруучу тартылган. Анын жетөөсү суучулдар.

«Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Издөө иштери бүгүн, 9-майда улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми айыл тургундары Чүй облустук суу чарба башкармалыгына каналдагы сууну азайтуу боюнча кайрылышкан. Бирок алардын өтүнүчү орундалган эмес.

Чүй облустук суу чарба башкармалыгы ӨКМден маалымат түшөр менен каналдагы суу азайтылганын билдирди.

«Каналдын ичи тайыз, суу дароо азайып кетпейт. Суунун агымы 5-6 саатта азаят. Бүгүн, 9-майда таӊкы саат 04:00дө 8 куб сууну башка жакка бурдук. Азыр 12 куб калды. Издөө иштери жүрүп жаткан жерлерде акырындык менен азайып бара жатат. Биз мындай учурда мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша ыкчам иш алып барабыз.

Ал эми каналдагы суунун баарын токтото албайбыз. 20 куб сууну башка жакка бура албайбыз. Анын үстүнө Сокулук, Москва, Панфилов, Жайылдын дыйкандары суу күтүп жатышат. Аларга окуяны айттык», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE