Пример HTML-страницы

Чүйдүн Жылан аралындагы коендорду сойлоп жүрүүчүлөр бир нече айдын ичинде түп тамыры менен жок кылышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунда Кара-Балта шаарынан 35 чакырым алыстыкта ​​Мелиорация көлмөсү бар. Бул көлмө өткөн кылымдын 30-жылдарында Чүй облусунун дыйкандарын сугат суусу менен камсыз кылуу максатында жасалган. Убакыттын өтүшү менен анда түрдүү балыктар, камыштарда кыргоолдор отурукташып, жапайы өрдөктөрдүн саны азайган. Дээрлик 80 жылдан кийин бул суу сактагыч балыкчылар, жана мергенчилер арасында популярдуулукка ээ болду.

Мелиорация балык уулоо жана мергенчилик окуяларына бай. Алардын көбүн жергиликтүү тургун Максим Подгорный билет.

«60-жылдардын орто ченинде Мелиорацияда тоо-кен тармагында иштеген Кара-Балта шаарынын жашоочулары үчүн эс алуу зонасы уюштурулган. Ошол эле учурда балык уулоого жана аңчылык кылууга эң сонун аянтча болгон. 1970-жылдардын башында тоо-кен комбинатынын жумушчуларын арзан жана диеталык эт менен камсыз кылуу максатында суу сактагычта коёндорду өстүрүү чечими кабыл алынган.

Коендорду багуучулар убара болбош үчүн аларды суу сактагычтын ортосундагы аралга жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Ошентип, элүүдөй коёнду аралга коё беришкен. Алар ла жерде ийин казып, активдүү көбөйө баштаган. Идеяны ишке ашыруучулар пайданы эсептей башташкан. Бирок кубаныч көпкө созулган жок. Себеби, коендорго жыландар кол салып, алардын ийиндерин ээлеп алышкан. Кыскасы, миңдеген жыландар аралга сүзүп келип, бир нече айдын ичинде коёндорду жок кылышкан. Азыр да алар Жылан деп аталып калган аралда көп жашайт.

Ал эми токсонунчу жылдардын башында бир окуя болгон, бирок трагедияга караганда күлкүлүү окуя. Мелиорацияга мергенчилердин бир тобу бардык. Арабызда тамак-аш гана жеп, ичимдик ичкенди сүйгөндөр көбүрөөк болгон. Ошол учурда көлмөдө бир дагы өрдөк болгон эмес. Бирок мергенчиликте башкы максат — тапкычтык! Жапайы каманга аңчылык кылууну чечтик. Бул үчүн жакынкы фермадан чочко сатып алып, Жылан аралына коё бердик. Бирок жапайы каманга аңчылык кылуунун алдында аңчылык үчүн көп каалоо-тилек айтылды. Бирок максат орундалган эмес», — деди ал.

Мелиорация көлмөсү жана Жылан аралы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE