Пример HTML-страницы

Чүй облусунда жетекчи болуп иштеген айымдар (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунда 8 район, облустук маанидеги 3 шаар, райондук маанидеги 4 шаар жана 49 айыл өкмөт бар.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн берилген маалыматка караганда, бир дагы шаарда мэр, аким болгон аял кишилер жок. Ал эми мэрдин, акимдин орун басары, райондук мамлекеттик администрацияларда аппарат жетекчи, айыл өкмөт башчысы болгон айымдар бар. Ошондой эле президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматында аял киши иштеп келет.

Аймактык кабарчы облустагы айрым жетекчи айымдардын тизмесин топтоду.

Гүлмира Кыштобаева президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары. Ал 1980-жылы 2-июнда төрөлгөн. Бул кызматта 2022-жылдан бери эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Закирова Айгүл Демократовна Аламүдүн райондук мамлекеттик администрация башчысынын, акимдин орун басары. 1971-жылы туулган. Бул кызматта 2022-жылдын март айынан бери иштеп келет. Үй-бүлөлүү 2 кыз, 1 уул, 1 неберенин энеси.

Идинова Айгүл Карабековна Чүй райондук мамлекеттик администрация башчысынын, акимдин орун басары. Ал 1969-жылы 13-апрелде төрөлгөн. Бул кызматта 2023-жылдын 4-августунан бери иштеп келет. Үй-бүлөлүү, 2 кыздан апасы.

Байшембаева Марипа Орумбековна Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп 3 жылдан бери иштеп келет. Таластын Кайнар айылында 1974-жылы 26-августта төрөлгөн. 1 уулдун энеси.

Токтогулова Чынара Тембековна Шопоков шаарынын мэринин орун басары. Бул кызматта 2023-жылдын апрель айынын баштап иштеп келет. Ал 1972-жылы 5-ноябрда Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 2 уулдун апасы.

Сердюкова Элина Васильевна Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 1968-жылы 20-октябрда туулган. Бул кызматта 2021-жылдан бери иштеп келет.

Ниязова Гүлкайыр Элебесовна 2021-жылдан бери Ала-Арча (азыркы Сүймөнкул Чокморов) айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келет. Ал 1980-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 2 уулдун апасы.

Баязова Жаңылмырза Эмилбековна 2022-жылдан бери Вознесесеновка (азыркы Орто-Кайыңды айыл өкмөтү) айыл өкмөт башчысы болуп келет. 1958-жылы 2-декабрда Токтогул районуна караштуу Үч-Терек айылында төрөлгөн.

Жээнбаевна Несип Элибаевна Жайыл районунун Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы, 1960-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын апасы.

Саткеева Замира Жантайбековна Сокулук айылдык кеңешинин төрайымы. Ал 1966-жылы 8-февралда Белек айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 кыз, 2 уул, 3 неберенин энеси.

Абыканова Динаркүл Ишенбаевна Манас айылдык кеңешинин төрайымы. Ал 1963-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Лахол айылында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE