Пример HTML-страницы

«Биз общактанбыз»: Жалал-Абадда коңшу өлкөдөн келген конокту талаада сабап, коркутушкан

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериги менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-мартта саат 03:00 чамасында Өзбекстан Республикасынын 49 жаштагы жаранын убактылуу Жалал-Абад шаарында жашаган үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз жарандар кирип, «Биз общактанбыз» деп коркутуп, ноутбук жана уюлдук телефонун алып, өзүн автоунаа менен талаага алып барып уруп, «50 миң сом ачка таап бересиң» деп кайра үйүнө таштап кетишкен.

Бул факт Жалал-Абад ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган Жалал-Абад шаарынын 1996-жылы тургуну М.А. жана анын шериги — Сузак районунун 1997-жылы туулган тургуну Ш.М. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE