Пример HTML-страницы

Бишкектин бир районун мекендеген таз чымчык. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде таз чыйырчык жүрөт. Күбөлөрдүн айтымында, афган ала канат чыйырчыгы аталган көчөдө дайыма пайда болот. «Мен бул кушту биринчи жолу 2019-жылы көргөм. Анын сырткы көрүнүшү мени таң калтырган. Башында түгү жок, таз. Ошол маалда куш бир жырткычка туш болуп, түгүн жоготуп алган го деп ойлогом. Бирок жарым жылдан кийин мен бул кушту кайра жолуктурдум. Анын дагы деле таз болуп жүргөнүн байкадым. Чыйырчык көбүнчө Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жүрөт.

Афган ала канат катуу үн чыгарып, жем издеп, аймакты изилдейт. Бул куш төрт жылдан бери ушул райондо жашайт», — дейт Бишкек шаарынын тургуну Руслан.

«Балким, кандайдыр бир генетикалык мутация канаттуунун сырткы көрүнүшүн аныктаган. Тагыраак айтканда, канаттууну кармап, олуттуу изилдөө жүргүзгөндөн кийин гана айта алабыз. Афган ала канат чыйырчыгынын мекени — Түштүк Азия. Алар Кыргызстанда XX кылымдын 50-жылдарында пайда болуп, Ысык-Көл облусуна жана Ички Тянь-Шандын аймагына отурукташууну улантышууда.

Ала канат чыйырчыгы бардык жерде тамак-аш жана баш калкалоочу жай таап, шаардык турмушка ийкемдүү келишет. Кыргызстанда бул куштар санитарлардын ролун ойнойт — жайыттарда чегирткелер жана ар кандай коңуздар массалык түрдө жок кылынат. Бирок булар балапандарын чыгаргандан кийин жүзүм дарактарына жана бакчаларга олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Айтмакчы, туткунга оңой чыдайт, бир нече сөздү айтканды үйрөнө алат. Бирок булар өтө ызы-чуу келет», — дейт экология боюнча адис Александр Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE