Пример HTML-страницы

Бир жылдан бери изделип жаткан «Лексус» Ош шаарынан табылды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы рейддин жүрүшүндө изделип жаткан унаа табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарында эки күндөн бери «АвтоУраган» комплекси менен рейд жүрүүдө. Кечээ, 29-ноябрь күнү Ош шаарынын аймагынан бир жылдан бери издөөдө жүргөн «Лексус ЛС 460» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, айып короого киргизилди.

Аталган унаага Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 2021-жылы 27-августта издөө жарыялаган. Бардык топтолгон маалыматтар Свердлов РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилет.

  • Кайгуул унаалары республиканын негизги жолдорунда иштеп жатат. «Автоураган МС» комплекси кайгуул унааларынын үстүнө бекитилип, эки жарым сферадан турат. Алардын ар биринде панорамалык камера орнотулган. Аппараттын борборунда айланадагы кырдаалды көчүргөн камералар менен радар орнотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE